Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Жаңы Конституцияда президенттик кимге өткөрүп берилет?...


14-декабрда Президент Жогорку Кеңешке Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жиберди. Жогорку Кеңештин аппараты долбоор түшкөнүн тастыктап, бирок анын качан каралары так белгилене электигин билдирүүдө.

20-октябрда мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев реформалар Конституция жана мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү талап кыларын билдирген. Реформага жараша Президенттик администрация, Мамлекеттик катчы, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматтары жоюлуп, алардын ордуна Президенттик институт түзүлгөн. Институттун курамына Президенттик аппарат, Катчылык, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик, Коопсуздук жана коргонуу боюнча мамлекеттик кеңешчи, Мамлекеттик тышкы иштер министри киргизилген.

Жогорку Кеңешке дүйшөмбү күнү жолдонгон долбоордо мына ушул өзгөрүүлөрдү Конституцияга ылайыктоо сунушталган.
Өкмөттүн ыйгарым-укуктарына байланыштуу сунушталган өзгөртүүдө Премьер-министрге өкмөттүн структурасын аныктоого мүмкүнчүлүк берилет деп гана жазылууда.

Президент тарабынан сунушталган долбоордогу олуттуу өзгөртүү Президент өз милдетин аткара албай калган учурга байланыштуу болууда. Конституциянын азыркы нормасына ылайык Президент милдетин аткара албай калган чакта, анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы, ал аткара албай калса Премьер-министр аткарат.

Жаңы долбоордо Президенттин милдетин аткаруучуну тандоо укугу Президенттик кеңешмеге берилген. Ал эми кеңешмеге ким кирерин 20-октябрда Курманбек Бакиев ачыктаган:

- Президенттик институттун органдарынын бардык жетекчилери, ошондой эле Коопсуздук жана коргонуу боюнча мамлекеттик кеңешчи, Мамлекеттик тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин төрагасы, Премьер-министр Президенттик кеңешменин туруктуу мүчөсү болуп эсептелет. Бул координациялык орган. Ички жана тышкы саясатка байланыштуу бардык маанилүү маселелер боюнча чечимдерди президент кеңешменин мүчөлөрүнүн пикирин эске алуу менен кабыл алат.


Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов долбоор менен тааныша электигин айтып, бирок шаршемби күнү фракцияда долбоор каралып калыш ыктымалдагын белгиледи:

- Бизде регламентте бар, Конституция бар, Президент тезинен каралсын деген нерсени биз тез арада карап беришибиз керек. Мен өзүм кагаздарды, мыйзамдарды эми карап жатам. Ошондуктан бирдемке дешим кыйын.

Бакиев Президенттик кеңешме кимди президент болот десе, ошол президенттин милдетин аткара берет деген жобо киргизүүдө. Мунун өзү күтүүсүздөн бир болуп кетүү жагдайы чын экенинен кабар берет. Болбосо президент мынчалык кам көрбөйт эле деп ойлоймун.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай пикирин билдирди:

- Ушул кезге чейин бизде, дүйнөдө кабыл алынган стандарт боюнча президент ар кандай себептер менен өлкөнү башкара албай калса же өлүп калса, убактылуу президенттин милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарган. Эгерде ал дагы бирдемке болуп аткара албай калса, өкмөт башчысына өтөт. Мунун өзүнүн философиялык дагы, юридикалык дагы маңызы бар. Анткени элдин атынан түз шайланган эки орган бар - бул Президент менен Жогорку Кеңеш. Бирок бүгүн Бакиев Президенттик кеңешме кимди президент болот десе, ошол президенттин милдетин аткара берет деген жобо киргизүүдө. Мунун өзү күтүүсүздөн бир болуп кетүү жагдайы чын экенинен кабар берет. Болбосо президент мынчалык кам көрбөйт эле деп ойлоймун.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG