Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Өмүркуловдун иши сотко жетти


Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов. 10-декабрь, 2012-жыл.
Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов. 10-декабрь, 2012-жыл.

Октябрь райондук соту Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго байланыштуу кылмыш ишти өткөн жумада карай баштаган. Келерки соттук отурум 18-апрелге белгиленген.

Башкы прокуратура Өмүркулов мэр кезинде Жеңиш сейил багынын аянтын мыйзамсыз аныктаган деп, кылмыш ишин козгогон. Мурунку мэр өзү бардык иштери мыйзам чегинде болгонун билдирүүдө.

Иса Өмүркулов менен кошо сот жоопкерчилигине мэриянын 6 жооптуу кызматкери тартылууда.

Башкы прокуратура Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси боюнча, кызмат абалынан аша чапкан деп айып койгон. Андан ошондой эле Кыргызстандан чыгып кетпөө боюнча тил кат алынган.

Иштин маңызына келе турган болсок, Бишкек шаарынын мэриясы 2011-жылдагы токтому менен "Жеңиш" паркынын аянтын өз алдынча бекиткен. Ал бекитүүнүн натыйжасында парктын аянты 14 гектардан ашык жерге азайып, 34 гектарга жакын деп белгиленген. Андан эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деди Өмүркулов:

Ата-Түрк сейил багындагы мыйзамсыз курулуш. 2011-жыл.
Ата-Түрк сейил багындагы мыйзамсыз курулуш. 2011-жыл.
- Ал жерде эч кандай күнөө жок. Жерди бөлүп берүү, бирөөгө кармата салуу, менчикке берүү, көз боемочулук дегендей нерсе жок. Маселенин баары чек араны чийүүдө болуп жатат. Ошону чийүүдө ыйгарым-укуктан ашкан дешүүдө. Шаардык кеңештин депутаттары бекитиш керек болчу, Мэрия өзүнүн токтому менен бекитип койгон дешүүдө.

Мыйзамга ылайык "Жеңиш" паркынын аянты Шаардык кеңеш тарабынан бекитилиши керек. Бирок бул иш жасалган эмес.

Бишкек шаарында жер сатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү иликтеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы жер "Жеңиш" паркынан эле эмес, "Ата-Түрк" паркынан жана башка аймактардан сатылганын аныктап чыгышкан. Бишкекте 1 сотых жер кеминде он миң доллар болуп жатканда, парктын кыскартылган аянтынан жер сатууда канчалган миллиондор түшөрү айтпаса да түшүнүктүү.

Оппозиция өкүлдөрү Иса Өмүркулов мыйзамсыз кадамдарга барганына карабай камакка алынган жок, анткени ал бийликтеги КСДП фракциясынын мүчөсү, ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири деп сынга алууда. Ал эми оппозициялык саясатчыларды “кылдан кыйкым таап” камалып жатканын мисал катары келтиришүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын мүчөсү, Бишкекте жерлердин мыйзамсыз сатылышынын бетин ачууда активдүү болгон Данияр Тербишалиев соттук териштирүүнүн жыйынтыгын күтүү керек дейт:


"Жеңиш" багы. 2013-жыл.
"Жеңиш" багы. 2013-жыл.
- Депутаттык комиссиянын материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгошкон. Эми соттун чечимин күтүшүбүз керек. Сот чечим бериш керек. Мына ошонун негизинде биз өзүбүздүн пикирибизди айта алабыз.

Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри кызматына 2010-жылы Апрель окуясынан кийин келген. Ал эми Бишкектин эс алуу зоналарынан курулушка жер бөлүп алуу мурунку бийликтер тушунда эле орун алып, жаңы бийликтер келген кезде да токтогон эмес. Азыркы мэр Кубанычбек Кулматов да апасына "Ата-Түрк" паркынан жер тилкеси бөлүнгөнүн жакында эле мойнуна алган. Бул парктан Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн чиновниктердин дээрлик баары жер тилкесин алганы коомчулукка белгилүү. Алар өтө таасирлүү болгондуктан канча бийлик алмашпасын курулуш иштери токтобой жүрүп келатат.

Ошондуктан Иса Өмүркуловду соттоо менен анын учурунда берилген жерлер кайтарылат же парктардын аянты калыбына келтирилет дегенге ишенбегендер арбын.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG