Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Президент коалиция куроону КСДПга тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев менен Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. 29-октябрь, 2015-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев менен Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. 29-октябрь, 2015-жыл

Бүгүн, 29-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алып, ага Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалиция куроо укугун берди.

Ал эми алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча төрт фракция коалиция түзөрү маалым болууда. 28-октябрда Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарына мандаттар тапшырылган. Эми фракциялар коалиция түзүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштайт.

Кыргызстан Конституциясынын 71-беренесине ылайык, ант берүүдөн кийин талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаттык кызматына киришет. Ант берүү 28-октябрда өттү. Андан кийин фракциялар түзүлүп, лидерлер шайланды.

4-октябрдагы шайлоодо бир дагы партия алтымыштан ашуун мандатка ээ болбогондуктан, алар коалиция түзүшкө мажбур. Конституцияга ылайык, коалиция түзүү үчүн мамлекет башчысы фракциялардын бирине мандат берет. Андай мандат берилгенден 15 жумушчу күндүн ичинде коалиция өкмөт башчыга талапкерди көрсөтүүгө тийиш. Талапкер өз кезегинде өкмөттүн программасын, структурасын жана курамын парламентке алып чыгат.

Жогорку Кеңеш, ант берүү учуру. 28-октябрь
Жогорку Кеңеш, ант берүү учуру. 28-октябрь

Коалиция түзүү үчүн мандат КСДП фракциясына берилет деген бекем ишенич буга чейин эле айтылып келген. Ал эми КСДП курай турган коалицияга калган беш фракциянын баары эле кирүүгө дилгирлигин ишара кылып келатат.

Ошондуктан КСДП үчүн коалиция куроо оор болбойт. Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча коалицияга КСДПдан тышкары “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракциялары кирери айкын болууда.

“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Канатбек Муратбеков КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракцияларынын ортосунда коалиция түзүү боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр болгонун билдирди.

Бул маалыматты “Өнүгүү” фракциясынан Мирлан Бакиров да тастыктап, бирок азырынча расмий сүйлөшүүлөр жок экендигин маалымдады:

- Азырынча расмий эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Алдын ала кеңешүүлөр боюнча ошол төртөө коалиция түзөт деген маалымат бар. Андан ашык менде маалымат жок.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Азаттык" радиосунун мурдагы кабарчысы ​Жанар Акаев кесиптештери менен
Жогорку Кеңештин депутаты, "Азаттык" радиосунун мурдагы кабарчысы ​Жанар Акаев кесиптештери менен

КСДП фракциясынын мүчөсү Жанар Акаев да көпчүлүк коалиция мына ушул төрт фракциянын кириши күтүлүп жатканын айтып, бирок расмий сүйлөшүүлөр президент коалиция түзүү боюнча мандатты тапшыргандан кийин башталарын белгиледи.

Саясат таануучу Эмил Жураев КСДП үчүн коалиция түзүү кыйынчылык туудурбайт дейт:

- Мунусунда бир топ оңой болот. Анткени социал-демократтар бир топ үстөмдүк кылып турат. Бир катар партиялар өз ара жарышып, коалицияга кирүүгө даярдыгын билдирип жатышат. Менимче, чаканыраак партиялар менен тил табышуу КСДП үчүн оңоюраак болот.

Эгерде коалиция КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Ата Мекендин” ортосунда түзүлө турган болсо, алардын сексен мандаты болот. Бул сандагы депутаттар менен өкмөттү түзүү, мыйзамдарды кабыл алуу сыяктуу көп маселелерди чечүүгө болот. Бирок конституциялык көпчүлүк камсыздалбайт. 120 депутаттуу Жогорку Кеңеште конституциялык көпчүлүктү камсыздоо үчүн 90 мандат болуш керек.

Оппозицияда 28 мандаты менен “Республика - Ата Журт” жана 12 мандаты менен “Бир бол” фракциялары калат.

Жогорку Кеңеш депутаттары
Жогорку Кеңеш депутаттары

Бул фракциялардын лидерлери өкмөттүн ишин сын көз караш менен карап, анын кемчилигин айтууга даяр турушат. Бирок алар мамлекет башчысына жана мамлекеттик саясатка карата оппозицияда болушу күмөндүү. Эмил Жураев оппозиция чабал болот деген пикирде:

- Буга чейин эле оппозиция милдетин мурунку парламентте аткара албай келатышты эле. Бул парламентте ого бетер алсызданып, принципиалдуу пикирди кармана турган фракция жокко эсе болуп калчудай.

Ошентип, жакын арада коалиция түзүлүп, ал өкмөттү дайындайт. Темир Сариевдин өкмөтү эски коалиция ишин токтотконго байланыштуу кызматтан кетти. Бул боюнча президенттин жардыгы чыкты. Эми Темир Сариев баштаган министрлер кабинети жаңы өкмөт шайланганга чейин аткаруу бийлигинин милдетин аткарып турат. Бирок жаңы коалиция өкмөт башчылыкка Темир Сариевди калтырары депутаттар арасында көбүрөөк айтылууда. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы боюнча айрым талаштуу маселелер чыгып жатканы кабарланууда. КСДПдан бул орунга Асылбек Жээнбеков жана Иса Өмүркулов даярдалып жатканы жөнүндө маалымат бар.

КСДП коалиция түзүү укугун алды

КСДП коалиция түзүү укугун алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG