Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү / Коом жана турмуш

Кыргызстандан жылына бир шаар калкы көчүп кетүүдө

03.02.2010
Айданбек Акмат уулу

Жыл сайын кырк миңден ашуун кыргыз жараны орус жарандыгын алып, Россияда байыр алып калууда. Бул өлкөдө жыл сайын бирден чакан шаардын калкы көчүп кетип жатканын билдирет.


Кыргыз көчү

Кыргызстанда эмгек миграциясы СССР урагандан кийин эле башталган. Алгач түштүк региондон чыккан жаштар “челнок” же базар ишине киришкен. Андан кийин Россиянын экономикасы көтөрүлүп, жумуш колдорго талап күчөгөн сайын курулуш, тейлөө тармагына кыргыз жарандары агыла баштады. Кесиби жок, мектептен алган билими начар кыргыз жаштары негизинен короо шыпырмай сыяктуу эң төмөнкү жана кир иштерди аткарууга чегерилишкен.

Орус өкмөтү өлкөнүн демографиялык абалын түзөө максатында мурунку СССР жарандарына Россия жарандыгын берүүнү жеңилдетүү, жарандык алгандарга жумуш жана социалдык камсыздоону жакшыртуу саясаты кыргыз эмгек мигранттарынын орус жарандыгын массалык түрдө алуусуна алып келе баштады.

Маселен, Россиянын миграциялык кызматынын басма сөз катчысы Елизавета Панкратованын маалыматы боюнча, 2008-жылы 43 миңге жакын кыргыз жараны орус жарандыгын алган. Ал эми 2009-жылдын он бир айында 41 миңден ашуун кыргызстандык орусиялык болуп калган.
 

Жаштар кыргызга кызмат кылчу учурунда турмуштун кыйындыгынан бөтөн жерге кетүүгө мажбур... 
Э. Эрматов


Кыргызстанда калкынын саны 40-60 миң кишини түзгөн жыйырмадан ашуун шаар бар. Демек, көчүп кеткендердин санына караганда, жыл сайын Кыргызстандагы бир чакан шаардын калкы түп орду менен Россияга көчүп кетип жатат.

Айыл жерлерде, өзгөчө түштүк региондордо жаштардын кескин азайганы көзгө даана көрүнүп турат. Мындай жараян түндүк региондордо да күчөп келатканын жарандар белгилешүүдө.

Акыркы жылдары айыл жеринде, Кадамжай районунда жашап келаткан белгилүү акын Эгемберди Эрматов жаштардын кетип жатышы боюнча мындай

пикирин билдирди:

- Биздин айылдан деле, тууган-уруктардан, кошуна айыл-апалардан деле көптөгөн адамдар Россиянын жараны болуп кетишкен. Кээ бир жерде келин-кесектери, кыз-кыркындары менен кетишкен. Биз жакта жаштар бүт эле кетип калды. Россиянын жарандыгын алып кетүүгө мажбур болуп жатышат. Себеби бул жерде жашоо таптакыр кыйын болгондуктан ошондой кадамга барып жатышат. Үй-бүлөсүн бага албай калгандан, иш таба албай калгандан эр азамат жигиттерибиз, эми кыргызга иштейм деген учурда жашоонун оңоюнан кетип жаткан жок да.

Жапырт жарандык алуунун сыры эмнеде?
 

 Россияда ишке орношууга уруксат алуу абдан кыйын. Жарандык алуунун ушуга байланышкан жактары бар... 
А. Рыскулова


Миграция маселеси менен түздөн-түз иштеген министрлик бар. Аны Айгүл Рыскулова айым жетектейт. Министр айым орус жарандыгын массалык алуу себебин мындайча баяндады:

- Бүгүнкү күндө өзүңөр билесиңер, Россияда ишке уруксат алуу абдан кыйын. Квоталар кыскарып жатат. Жарандык алуунун ушуга байланышкан жерлери бар. Биздин келишим боюнча кыргыз жарандары орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн жол менен алат. Ошол эле кезде биздин Конституцияда башка мамлекеттин жарандыгын ала турган болсо, Кыргызстандын жарандыгын сактап калат деген берене бар. Ошого жараша, алар азыр жарандык алып жатат. Ошол эле убакта Кыргызстан жарандыгынан чыккан жок.

 Айгүл Рыскулова ошондой эле орус жарандыгын таштап, кайра Кыргызстанга келип жаткандардын саны да арбын экенин кошумчалады.

Миграция жана эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстан жарандыгынан чыккандардын саны 40 миңден ашуун. Бул сан Россиянын Миграция кызматынын маалыматы менен дал келип турат.

Миграция жана эмгек министринин айтымында, азыркы кезде министрлик эмгек мигранттарынын кандайдыр бир адистике ээ болуп, андан кийин чет өлкөлөргө барышы үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат. Ошол эле мезгилде Россия жарандыгын алган атуулдардын дээрлик көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келүү ниети бар. Ал эми ал жакта кала тургандар саны 10% тегерегинде.

Талдоочулар баамында, эмгек миграциясы, орус жарандыгын алуу жараяны Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш, дурус айлык акы болгонго чейин токтобойт. Ал эми бул жагынан болсо өлкөдө байкаларлык жылыш жок. Ал эмес президенттин жергиликтүү бийлик башчыларынын иши канча жумуш ордун түзгөнүнө жараша бааланат деген саясаты да унутта калып, Ынтымак курултайын уюштуруу  сыяктуу иштер алдыга чыга баштады.

Тасмада: Чехияда иштеген алатоолук айым

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
 Мурдагы    
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: bakyt каяктан: Stockholm
04.02.2010 16:38
Чыгып кеткендин кобу эртеби-кечпи кайтып келишет. Бирок алардын ал жакта туулуп чонойгон балдары келбейт.
Ошону менен бир азда бизде демографиялык осуш токтойт. Эн опурталдуусу алардын мамлекеттеги чек арага жакын аймактан массалык кочуусу болуп турат. Алардын ордун коншулардын басуусу кооптуу абалга алып баратат.

кимден: Гүлчө
04.02.2010 11:44
Ансыз деле Кыргызстан өзбек менен тажиктердин мекени боло жаздап калды. Өзгөчө өзбектер ушул темп менен көбөйө берсе, жакынкы эле арада Өзбекстандын автономдугун талап кылышы толук ыктымал. Өзбек бийлиги бул жаатта абдан иштеп жатканын элдин баары, бийлигиң деле билет, болгону аларга өлкөнүн эртеңкисинин кереги жок. Акчаны көбөйтүп алып, Жөөтстанга кетип калса болду.

кимден: Акыйкат каяктан: Москва
04.02.2010 00:14
Кыргызстанда 21 же 22 шаар бар. Шаарларыбыз кичине калкынын саны 100 000 ден ашкан 2 гана шаарыбыз бар. Ал эми Россиянын жараандыгын алып жаткандардын саны Кыргызстандагы бир шаардын калкындай болуп жаткандыгы окунучтуу.Бул жерде токтоло турган дагы бир нерсе, жараандыкты алып жаткандардын дээрлик баардыгы эмгекке жарактуу калк эмеспи...

Ал эми Россиянын жараандыгынан чыгып Кыргыз жараандыгын алгандар жокко эсе, Айгул эже катуу адашат.
Миграциялык комитеттин айткан цифралары мени дайыма толук канааттандырбайт, дайыма Россиянын маалыматтарына таянып айтышат.
Кошумчалай кете турган нерсе мекенибизде компьютерлештируу толук боло элек. Маалыматтык сабатыбыз ачыла элек окунучтуусу.

Ата журтка кайтуу жакынкы жылдары болбойт, анткени олкобуздо экономикалык жылыштар, жумуш орундары жок. Россияда иштеп Кыргызстанга кеткендер кайтып эле келип жатышат...
Учурда официалдуу 200 000 ден ашуун кыргызстандык кыргыз жараандыгын алышты. Балким бул сан мындан да жогору деп ойлойм.
Жарым миллион кыргызстандык канча жылда Россиянын жараандыгын алат эсептейли:

200 000 +40 000 x=500 000
х= 7,5 жылда жарым миллионго жетиши мумкун экен.

Эскерте кетели Талас областында кыргызстандын калкынын 4 пайызы. Нарын областында калктын 5 пайызы жашайт. Демек Талас областынын калкындай калк Россиянын жараандыгын алышыптыр. Ал эми Ош шаарынын калкы расмий турдо 250 000 го жакын. Килейген Ош шаарынын калкындай эмгекке жарактуу адам Кыргызстандан чыгып кетсе ойлоп корунуз...

Топучандарга келсек алар геометриялык прогрессиядай осуп баратышат.Ал эми Россиянын жараандыгын алгандар кобунчо Кыргыздар, ушундай туз сызыктуу система менен баратсак бир канча жылда топучандар кобойуп олко 2 улуттуу олкого айланышы толук мумкун. Миграциянын жылыштын математикалык моделин тузуп чыгып мамлекеттик денгээлде чара корушубуз керек.

Эгерде россиядагы жакшы иштешип Кыргызстандыктар ата журтуна тапкан акчаларын жиберип оз уй-булоолук экономикасын которуп турса келгендер да азайышы мумкун.Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу дейт гений Кыргыз...






кимден: Эркинбек каяктан: Россия
03.02.2010 23:41
Мен да мындан 7 жыл мурун орус жараандыгын алгамын, себеби кыргыздар учун орус жараандыгын алыш , башка КМШ мамлекетинин жараандарына караганда женил, 3 айдын ичинде алса болот. Орус жарааны болгондон кийин жумуш табуу, социалдык жактан деген маслелер женил болот. Ошол себебтуу массалык турдо орус жараандыгына отуп жатышат, бул жагынан биздин окмотко, орус окмотуно чон ыраазычылыгыбызды айтабыз.
Орус жараандыгын алган мекендештерибиз деерлик копчулугу жалдама батирлерде турушат, уй-жай кымбаттыгынан алганга чамалары жок. Ошол себебтен акыры тубу булар Кыргызстанга кетишет. Эгер уй-жайы болгондо кетишмек эмес, себеби Кыргызстанда жашоо оор экенинен бул жерде журушот да.

кимден: Бакыт каяктан: Лондон
03.02.2010 22:13
Кыргыз жаштары жыргаган жерин башка өлкөлөргө тентип кеткен жок. Кудай буйруса, Кыргызстан каржылык чегинүүдөн чыгып өнүксө, көптөгөн чет өлкөдөгү кыргыз адистери жана КМШ мамлекеттериндеги эмгек мигранттары кайтып келет деген үмүттөмүн.
 Мурдагы    
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

Сөздүн күчү бүткөн жерде музыка башталат Видео тасма

Бишкекте “Толеранттуулук – тынчтыкка карай жол” аттуу концерт өттү. Анын негизги катышуучусу Москвадагы эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков болду.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)