Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Борбор Азиядагы геосаясий тандоолор


АКШ президенти Барак Обама, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жана Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Сеулдагы жолугушуу учурунда. 2012-жыл.
АКШ президенти Барак Обама, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жана Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Сеулдагы жолугушуу учурунда. 2012-жыл.

Украина кризиси Орусия менен Батыштын мамилесин оор сыноолорго салды. Орусия мурунку СССРдин аймагында кызыкчылыктарын коргоого далбас урса, Батыш өз таасирин жайылтуу багытында баратат.

Батыш, Украинада эле эмес Борбор Азия регионундагы маанилүү мамлекеттер эсептелген Казакстан жана Өзбекстан менен мамилесин бекемдөөдө. Бул шартта Кыргызстандын жоготкону эмне, тапканы эмне болот?

Кыргызстандагы тажрыйбалуу дипломаттардын бири Муратбек Иманалиев "Манастагы" Транзиттик борбор Кыргызстандын тышкы саясатынын негиздеринин бири деп атаган.

Бул негиздердин бири Транзиттик борбордун жакынкы айда чыгып кетиши менен күчүн жоготуп баратканы байкалат. Маселен, АКШнын Мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Уилиям Бернс жакында эле Казакстан жана Өзбекстанга сапар менен келип кетти. Транзиттик борбор турганда АКШнын жогорку даражалуу дипломаттары регионго сапарында Кыргызстанды кыйгап өтпөйт эле.
Бул жолу кыйгап кетти.

Уильям Бернс менен Ислам Каримовдун Ташкендеги сүйлөшүүсүндө болсо эки өлкөнүн мамилеси саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка багыттарда өнүгүп баратканы, Кошмо Штаттардын 40 ири компаниясынын өкүлчүлүгү ачылганы белгиленди. Ошондой эле Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу регионалдык коопсуздук маселеси талкууланды.

Эки тарап сөздөн ишке өтүп жатканын тастыктагандай, Уильям Бернстин сапарынан кийин эле 16-майда Ташкенде НАТОнун өкүлчүлүгү ачылды.

Ал эми Казакстан жагына келгенде, Уильям Бернстин келишине Казакстан кандай маани бергенин президент Нурсултан Назарбаевдин Москва саммитине барбай, Бернс менен Астанада сүйлөшүү өткөрүүнү артык көргөнүнөн көрүнүп турат. Орус эксперттери, Нурсултан Назарбаевдин Москвага барбай калышы менен Астананын тышкы саясатында өзгөрүү болду деген туура эмес дейт. Бирок Астана тышкы саясатында көп кырдуулукту сактап турганын белгилешүүдө.

Ошентип, Кошмо Штаттар Борбор Азия регионунда Өзбекстан менен Казакстанга басым жасаганы байкалууда. Орусия жетектеген интеграциялык долбоорлорго кирбеген Өзбекстан үчүн бул ыңгайлуу болсо, Казакстан үчүн тышкы саясатта көз карандысыздыкты сактоого таяныч болууда.

Саясат таануучу Марс Сариев региондогу геосаясий өзгөрүүлөр тууралуу мындай оюн билдирди:

- Менин оюмча, Кыргызстан чын эле Батыштан алыстап атат. Кыргызстан менен Тажикстандай кичинекей мамлекеттер өзүнүн тышкы саясатын эркин, көп вектордуу кылып жүргүзө албайт, ошол эле Казакстандай, Өзбекстандай. Ошон үчүн азыркы геосаясий абалда Орусия, Кытай, Казакстан менен тыгыз мамиле түзүүдөн башка жол жок.

Марс Сариевдин пикиринде, көп вектордуу саясаттын солгундашы менен Кыргызстан көбүрөөк утулат. Анткени ири мамлекеттердин ортосунда тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. "Кыргызстан Орусия менен Кытайдын ортосунда өз пайдасын алууга аракеттенүүдө. Бирок бул эки өлкө бир системада тургандыктан, анын натыйжасы аз болот", - дейт Марс Сариев.

Дагы бир саясат таануучу Закир Чотаев Кошмо Штаттар Казакстан жана Өзбекстанга басым жасоосу Орусия менен АКШнын региондогу атаандашуусунун күчөшүнөн кабар берет деген пикирде:

- Өзбекстан бүгүнкү күнү АКШнын региондогу потенциалдуу жакын союздашы. Ошондуктан АКШ Өзбекстанга басым коюп жатат. Мына ошондуктан НАТОнун Өзбекстанда позициясы бекемделүүдө. НАТОнун өкүлчүлүгү ачылды.

Закир Чотаевдин пикиринде, геосаясий абал мына ушул нукта өнүгүп баратканы менен Батыш Кыргызстанга көңүл буруусун токтотпойт. Бул биринчиден, Кыргызстандын регион мамлекеттерине салыштырмалуу демократиялык мүнөздө болушуна байланыштуу.

- АКШ менен Орусиянын региондогу атаандашуусу суу-энергетикалык долбоорлордун келечегине таасирин тийгизет. Анткени Орусия колдогон долбоорго АКШ каршы чыгат. Маселен, чек араларды аралап өтүүчү дарыялар маселесинде, ал дарыяларга ГЭСтерди курууга каршы чыккан Өзбекстан позициясын Вашингтон колдоого алса, Орусия ал долбоорду ишке ашырууга өзү киришип турат. Суу башындагы мамлекеттер менен суу этегиндеги мамлекеттердин келишпестиги, ири мамлекеттердин ортосундагы атаандашуу менен коштолууда, - деп белгиледи Чотаев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG