Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Апта: Жеңиш үчүн канча добуш керек?


Узап бараткан жумада үгүт өнөктүгү соңуна чыкты. Глобалдык атаандыштыкта Кыргызстан КМШ мамлекеттеринен артта калып, дүйнөдө 108-орунду ээледи.

Үгүт өнөктүгү бүттү. Жеңишке жетишүүгө канча добуш керек?

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт өнөктүгү соңуна чыгып, ага уруксат алган 14 партия аман-эсен марага жетип келди. Албетте, партиялар тизмесинде байкалбаган да, бараандуу да жоготуулар болду. Бирок алар шайлоонун жыйынтыгына же добуш берүүнүн жүрүшүнө олуттуу таасир эте албайт. Ошондуктан азыркы кезде негизги көңүл жекшемби күнү боло турган добуш берүү жана анын жыйынтыгына бурулуп турат.

Бийлик органдарынын маалымдоосу боюнча, 2 млн. 700 миңден ашуун шайлоочу биометрикалык маалыматын тапшырып, шайлоого катышууга укук алды. Бул шайлоочулардын баары 4-октябрда жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, добуш берүүгө келет деп айтуу кыйын.

2010-жылы да шайлоочулардын 56% жакыны гана добуш берүүгө катышкан. Эгерде быйыл дагы ал көрсөткүч кайталанып, 60% тегерегинде шайлоочу добуш бере турган болсо, анда 4-октябрда шайлоого 1 млн. 600 миңдей шайлоочу катышат деп боолголосок болот.

Мына ошол шайлоого катышкандардын 7% жана региондордон 0,5% добуш алган партия Жогорку Кеңешке келүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 1 млн. 600 миң шайлоочунун 7% 110-115 миңдей шайлоочуну түзөт, демек босогодон өтүү үчүн кеминде ошончо добуш алыш керек.

2010-жылкы парламенттик шайлоодо тизмеге шайлоочулардын 5% алган партия босогодон өтүп келген. Бирок анда шайлоочулар тизмеси добуш берүү учурунда кошумча тизменин эсебинен улам өсүп олтуруп, 148 миң добуш алган “Бүтүн Кыргызстан” өтпөй калды деп табылган.

Быйылкы жылы дагы кошумча тизме Бишкек жана Ош шаарында түзүлдү. Бишкектеги кошумча тизмеге 79 миң шайлоочу, ал эми Ошто 27 миңден ашуун шайлоочу киргизилди.

Камчыбек Ташиев жаңжалы

“Республика Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев кошумча тизмелер негизинен президент жана премьер-министр төрөлгөн райондордо түзүлүп, шайлоону бурмалоого даярдык көрүлүп жатат деп айыптап, бийликтин жаалын келтирген. Ошондуктан Камчыбек Ташиевди шайлоодон четтетүүнүн себебин анын президент менен үгүт өнөктүгү учурундагы мына ошол тирешүүсүнөн көргөндөр да жок эмес. Ал эми Жалал-Абаддагы окуя Ташиев “жардан түртүүгө” оңтойлуу жагдай болуп берди. Борбордук шайлоо комиссиясы Ташиев 26-сентябрда Жалал-Абадда “Өнүгүү - Прогресс” партиясынын талапкери Абдыманап Абдубахаповду сабаган жана кеңсесин бүлгүнгө учуратканы үчүн шайлоодон четтетилди деп билдирген.

Камчыбек Ташиевди шайлоодон четтетүү чатагына 2-октябрда президент Атамбаев дагы кайрылды:

- Өзүн тыя албаган, маселени муштум менен чечкен бир талапкерди кайрадан депутат кылабыз деп кыйкырып жүрөт. Мындай партиялар мыйзамга түкүрдүк деген партиялар да ачык айтканда. Мыйзамды сыйлабаган партия парламентке барса эмне болот? Мурунку заман кайра келет анда, бандит, ит болсоң дагы депутат болсоң болду деген. Муну токтотуш керек.

Президент парламентке андай адамдардын келип, “тайраңдашына” жол бербесин кошумчалады. Мамлекет башчысы ошондой эле башка дагы атаандаш партияларды каарып өттү. Алардын бирин “коррупционерди” алып келатат деп айыптаса, башкасын “бандиттерге” жакын деп айыптады.

Бирок президенттин партиясы болгон КСДПнын тизмесине кылмыш дүйнөсүнө аралашкан делген адамдар кирип, маалымат каражаттары аны жазып чыккандан кийин алардын бирөөсү гана тизмеден чыгарылганы маалым. Калган шектүүлөр, маселен маркум Алмамбет Анапияевдин өкүл баласы аталган талапкер КСДПнын тизмесинде кала бергени маалым.

Камчыбек Ташиев өзүнүн шайлоодон четтетилишин чагым катары баалап жатат:

- Борбордук шайлоо комиссиянын чечими мыйзамсыз. Себеби дегенде, болбогон окуяга атайын арыз жаздыртып, атайын даярдалган саясий иш болду. Бул чагымчылдык болду. Биринчи берилген маалыматта айтылгандар жалган экени далилденип жатат. Азыр дарыгерлер ал адам эч кандай жаракат албаганын, эч жери сынбаганын өздөрүнүн маалыматтары менен далилдеп атат.

Камчыбек Ташиев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырган Биринчи май райондук соттун чечимин да мыйзамсыз деп, жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирди.

Бул үгүт өнөктүгү учурунда Ташиев жаңжалынан сырткары президенттин өз партиясынын пайдасына кыйыр түрдө үгүт жүргүзүүсү жана административдик ресурстун ченемсиз колдонулушу бийлик оппоненттери тарабынан сынга алынды. Алар мындай көрүнүштөр шайлоонун адилет жана таза өтөрүнө шек жаратарын билдирип жатышат.

Жарандык коомдун өкүлдөрү да Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, КСДПны шайлоодон четтетүүнү талап кылышты. Жарандык активист Бурул Усманалиева:

- Анткени алар өздөрүнүн ураандарында президенттин кызматтык абалын колдонуп атышат. Президент биз менен, демек президентти колдогула дегендин өзү юридикалык жактан туура эмес. КСДП ачык түрдө да, кыйыр түрдө да ошону далилдеп жатат. Кыйыр түрдө жарнактарында КСДП менен сүрөткө түшкөнүн көрсөтүп атат, телеканалдарда да көрсөтүлүүдө. Экинчиден, кечээ күндөн баштап ачык түрдө эле пайда болду, баннерлерде “Өлкөнү ойлогула, президенти колдогула” деп турат.

КСДПнын административдик ресурсту пайдаланып жатышын Кара-Кулжа районунда тартылган видеотасма да айкындады. Анда арасында райондук акимчиликтин кызматкерлери бар адамдар тобу КСДПны кантип даңазалоо жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду салтанаттуу түрдө тосуп алууга машыгып жатышканы тартылган.

Бийликтин административдик ресурсту колдонуусу жана президенттин кыйыр түрдө өз партиясына үгүт жүргүзүүсү 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгынан чочулоосунан, өз күчүнө ишенбөөсүнөн кабар берет. Ал чочулоо жана ишенбөөчүлүк канчалык негиздүү экени жакынкы мезгилде айкын болот. Анткени 4-октябрдагы добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары ушул күнү эле кечинде белгилүү боло баштайт.

Кыргыз экономикасы атаандаштыктан артта

Жаңы парламенттин алдында өлкөнүн бир жылдык финансы-экономикалык турмушун аныктаган келерки жылга бюджетти карап, кабыл алуу милдети турат. Ал эми мамлекеттин финансы-экономикасында чечилбеген маселелер арбын экени маалым. Ал бюджеттин эбегейсиз тартыштыгы, тышкы карыздын ченемсиз өсүп баратышы сыяктуу маселелер. Эл аралык валюта кору Кыргызстандын тышкы карызы быйылкы жылы эле ички дүң продукциянын 68% жетип, келерки жылы 70% ашып кетерин эскертти.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев мамлекеттик карыздын 60% ашуусу эмне себептен опурталдуу экенин мындайча түшүндүрдү:

- Карызы көп адам болсо да ага ишенич жок. Жаңы карыз алуу кыйындап, экономикалык жактан абалы начар деп эсептелет. Ошон үчүн эл аралык эрежелерге ылайык тышкы карыз 60% ашса, башка жаңы насыялар берилбеш керек.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын август айына Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3 млрд. 620 млн. доллар болду. Быйылкы жылга ички дүң продуктунун көлөмү 443 млрд. сом болот деп болжонгон. Бул сандарды доллардын азыркы курсу менен салыштырып эсептегенде, мамлекеттин карызы алда качан эле 50% өткөнү айкын болот.

Тышкы карыздын көлөмүнүн өсүп кетишине улуттук валюта сомдун девальвациясы да таасирин тийгизип жатат. Анткени сомдун күчү канчалык кетсе, доллар менен алынган карыздын өлчөмү дагы ошончолук өсө берет.

Бирок сомдун девальвациясы Улуттук статистикалык комитет үчүн гана ыңгайлуу жагдай түзүп, көрсөткүчтөрдү көбүртө-жабырта жазууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Анткени Кыргызстандын ички дүң продуктунун өсүүсү сом менен санаганда гана көрүнөт. Ал инфляция жана девальвацияга учурабаган валюталар менен эсептегенде төмөн кеткени байкалат.

Бирок ага карабай, Улуттук статистикалык комитеттин эсеби боюнча, быйылкы жылдын тогуз айында 7% өсүш болду. Реалдуу эмес, эсеп жүзүндө мындай өсүштү камсыз кылуунун саясий себептери болушу мүмкүн. Анткени президенттин жардыгы менен бекитилген өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегияга ылайык 2017-жылга чейин ички дүң продукт жыл сайын 7% өсүп туруш керек. Жогору жактан бекитилген тапшырманы ылдый жактагылар кантип болбосун камсыз кылышы абзел.

Кыргызстан экономикасындагы абалды кыймылсыз мүлк базары тагыраак көрсөтүп турат. Мамлекеттик каттоо кызматынын адистеринин маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу квартираларды сатып алуу 34%, жер үйлөрдү сатып алуу 41% кыскарган. Кыргызстан курулушчулар бирикмесинин башчысы Аскарбек Молдобаев жаңы квартираларга суроо-талап 60% чейин төмөндөп кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстан экономикалык жактан аксап жатканын Эл аралык экономикалык форумдун иликтөөсү дагы көрсөттү. Ал иликтөө боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 144 мамлекеттин ичинен экономикасынын конкуренцияга туруштук берүү жөндөмү боюнча 108-орунду ээлеген. Бизге салыштырмалуу кошуна Тажикстан алдыга кетип, 80-орунда отурат. Ал эми Казакстан менен Орусия биринчи элүүгө кирип, Астана 42-орунга, Москва 45-орунга чыккан. Натыйжада Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен эң артта калган.

Шайлоо өнөктүгүндө убаданы мол берген партиячылар эми бул жагдайды оңдоп кетет деп үмүт артып туралы.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG