Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:26

Саясат

Уусу күчтүү улут аралык жаңжал

Кыргызстанда өтө каргашалуу окуя орун алды. Улут аралык жаңжалда жүздөн ашык адам мерт болуп, жүздөгөн качкындар пайда болду. Туруктуулук камсыз болбогону үчүн атайын кызмат жана тартип коргоо органдары сынга алынууда. Сын канчалык негиздүү?

Оштун көчөлөрүндөгү аскерлер, 17-июнь.
Текст көлөмү - +
Адистер ар кандай конфликттер ичинен улут аралык жаңжалдын акыбетинин айтып бергистигин белгилеп келет. Дүйнө тарыхында мындай кагылышуулар аз эмес катталган.

Кыргызстанда эң ири улут аралык жаңжал 1990-жылы 4-июнда Ош жана Өзгөндө чыккан эле. Ал жаңжал СССРдин аскерлеринин жардамы менен бир нече күндүн ичинде басылган.

Кандуу окуя туура жыйырма жылдан кийин Ошто, Жалал-Абадда чыкты.

2009-жылы июль айынын башында Кытайдын Шинжаң уйгур автономиялуу районунда уйгурлар менен кытайлардын ортосунда кагылышуу болуп, Бээжин бир нече күндүн ичинде жаңжалды араң баскан. Дүйнөдөгү экинчи ири мамлекет катары саналып келаткан Кытай үчүн да улут аралык жаңжалды басуу оңой болбогон.

Кытай аскерлери каршылашкан эки топтун ортосуна туруп, оттун тутанып кетүүсүнө жол берген эмес. Бирок кытай аскерлери кытайларга жан тартты деген айыптоолор орун алган.

Оштогу окуяларда дагы кыргыз аскерлери кыргыздарга жан тартты деген айыптоолор бар.

Убактылуу өкмөттүн түштүк боюнча өкүлү, коргоо министри Исмаил Исаков андай айыптоолорду четке кагат:
 

- Биринчиден, аскерлер жалпы Кыргызстандын элине кызмат кылат. Ошондуктан бир тараптуу деген сөздөргө эч бир негиз жок. Анын баары жалган. Себеби дегенде аскерлер, милиция кызматкерлери жана башка укук коргоо органдарынын баары тартипти орнотуу үчүн мыйзам чегинде бардык аракеттерди жасап жатышат.

Талдоочулардын баамында, өзбек кварталдарында турган куралдуу адамдар ал жерлерге эч кимди киргизбей аткылап, кээде адамдарды барымтага алууда. Маселен, Нариман айылына сүйлөшүү үчүн келген Кара-Суу райондук милициянын башчысы Кадыр Султанов жана анын шериги жырткычтык менен өлтүрүлгөн.

Оштогу жаңжал 10-июнда кечки саат ондордо башталган. Ошол кездеги Ош шаардык милициясынын башчысы Болот Нишановдун айтымында, кайсы бир казинодогу мушташтан кийин өзбек улутундагы жигиттер Ырысбай Абдыкадыров атындагы филармония, май куйуучу жай жана "Алай" мейманканасына жакын жердеги соода түйүндөрүн өрттөп жиберишкен:

- 10-июнь күнү саат 22:45те мага күзөт бөлүмүнөн телефон чалышып, "Алай" мейманканасынын алдына келишимди сурашты. Ал жерде өзбек улутундагы миңден ашуун жаран чогулуп, тополоң чыгарып жатышат деген маалымат келди. Анан мен орун басарларымды алып, ошол жерге чыктым. Барсам бир-бир жарым миңдей өзбек жигиттер топтолуп алыптыр. Аябай агресивдүү болуп алышкан. Мен сүйлөшкөнү бардым. Бирок кыргыз экенимди билип калып, өзбек жигиттер кол салышты. Бирөө бычагын көтөрүп жүгүрдү. Анан менин орун басарларым (өзбек) сиз алыс эле туруңуз, биз өзүбүз сүйлөшөбүз деди. Ошондо эки-үч саат сүйлөшүү жүргүздүк. Бирок өзбек жигиттер кепке келбей, агрессивдүү боло беришти. Кыйкырып, өкүрүп, чабуул жасай беришти. Колдорунда арматура, союлдар, бычактар бар эле. Биз барганга чейин эле "Алай" мейнманканасынын тегерегиндеги имараттарды өрттөп жиберишкен. Биз студенттердин баарын чыгарып кеттик. Ошол күнү болгон окуяга кыргыз жигиттердин эч кандай тиешеси жок. Кечинде болгон окуяны угуп алып, анан чыгышты алар. Анан "Алай" мейманканасынын айланасында эмне күйгөн болсо, баарын өзбек жигиттер өрттөгөн.

Эртеси күнү 11-июнда кыргыз жаштары көчөгө чыккан.

Оштогу абал аябай чыңалуусуна жетип турган убакта Убактылуу өкмөт Россиядан аскерий жардам суроого аргасыз болду. Бирок милиционерлер жана аскерлер 14-июнда кырдаалды колуна алды. Буга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн түштүк боюнча өкүлү Исмаил Исаков Кыргызстан тынчтык орнотуучу күчтөргө муктаж эместигин билдирди.
 

Ошто имараттар өрттөлүп жатат, 11-июнь

Жамааттык коопсуздук келишими уюму да аскерий жардам эмес, материалдык-техникалык көмөк көрсөтүлөрүн билдирди. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов 16-июнда Москвада болуп келди. Бериле турган техникалык жардамдар тууралуу буларды маалымдады:

 - Николай Бордюжа бизге маалымат берди. Ага ылайык тогуз даана тик учак бере турган болду. Алар Россия жана Казакстан тараптан берилет. Массалык башаламандыкты алдын алуу боюнча орус тараптан адистер келет.

“Азаттыктын” Оштогу кабарчыларынын билдирүүлөрүнө караганда, азыркы күнгө карай Ошто абал тынч. Бирок Нариман, Он-Адыр айылдары өздөрү-өздөрүн тосмолоп турушат. Жалал-Абадда да абал тынч. Сузак айылы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.06.2010 00:08
Ошто уруш болсо,Бакивден көрсө,Көлдө уруш болсо кимден көрөр экен бул УӨ?токтоткулачы бул оюнуңарды!балким бул УӨтүн эле ишидир,Кыргыз эли өз элинде кыйрап жатса,душмандын ишин кылып өз өкмөтүбүз колдобосо,анда андай өкмөттүн кереги эмне?жүрөгү карарып бүткөн эски саясатчылар жаштарга орун бошотуп бергиле өз каалооңор менен,Бакиевдин күнү башыңарга түшпөсүн,себеби;бирөөгө ор казсаң,өзүң түшөсүн деген макал бар эмеспи?!!!!!!!!!мен эч ким тарап эмесмин,мен чындык,тынчтык үчүнмүн!!!!

кимден: ПАТРИОТ каяктан: Элден
18.06.2010 21:05
Эмне учун эле КЫРГЫЗДАРДЫ жаман корсотуп жатышат озбектер?! Кыргызстан ушунча шарт тузуп керек болсо озбек мектептерине чейин ачып берип койсо да не давольный баары КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ! А кечээки окуядан кийин качып Озбекстанга крип барганда палатка тузоп Озбекистандын бир четинде жашатып жатканына " РАХМАТ ЭЛЕ РАХМАТ, ОЗБЕКСТАНГА РАХМАТ БИЗДИ КАБЫЛ КЫЛЫП АЛГПАНЫНА" - деп эле ыраазычылыгын билдирип жатышат! А КЫРГЫЗСТАН ошончо шарт тузуп койсо да бир жолу РАХМАТ деп коюшпайт! Кыргызстанда жашап жаткандан кийин кыргыз элинин тилин,маданиятын,урп-адатын сыйлашы керек! Жана ошондой эле мыйзамын да!

кимден: Журогум ооруйт каяктан: Сырттан
18.06.2010 20:35
Урматтуу кыргыз элим сабыр кылалы! Бизди эмне десе деп каралап жатышат башка элдерге озбек туугандар! Азаттык силер да коп-коп жанагы озбектердин семьясын куткарган аскерлерге окшогон матиралдарды киргизсеннер интернетке! Кимде-ким ошондой окуяларды тартып калган болсо киргизгиле интернеттин чон-чон ютуби,контакт деген сайттарына кыргыздар! Пусть бизди деле корушсун а то бизди вообще эле мыкаачы,улутчул,фашист кылып корсотуп жатышат башка мамлекеттерге! Жана бир топ видео роликтерди кордум озбектер тарткан, айтып жатышат: "КЫРГЫЗДАР БАЗАРДА ОЗБЕКТЕРДИН ЭТИ 50 ТЫЙЫНДАН АЛГЫЛА" деп бизди маскара кылып жатаышса биз кантип чыдап турайык"-деп! Ал чындык эмес турган жалган-жалаа!

кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
18.06.2010 19:24
Убактылуу окмот Кыргызстан жонундо кабарларда, кыргыздарды жамандаган кабарларга кайдыгер калууда. Оштогу озбек тургундарынын жасаган тосмолорду тезинен алып таштап, ошол жерлерге Кыргызстандын куралдуу кучторун коюш керек. эгерде озбектер жашаган кврталдарда, аскерлерге каршылык коргозулсо тезинен жазалаш керек. Ошто тынчтыкты аскерелер, элдик кошун жана милиция кызматкерлери камсыз кылууда. законду турдо ишин жасап жаткан куралдуу кучторго, Ош шаарындагы озбек тургундарынын комок корсотуусу зарыл.
Убактылуу окмоттун чет олкодогу, кыргыздарды жамандаган кыргыздарды геноцид жасап жатышат деген жалган кабарларга каршы буткул чет олколордогу Кыргызстан элчилитери пресс-конференция откоруп туура кабарларды беруулору керек. Жалган кабар берген, элди кайрадан бири-бирине тукурган кабарлады берген кабачыларды, Кыргызстандан жана кыргыз элинен жасаган жалган кабарлары учун кечирим суратышы керек. Фергана.руну объектифуу кабар берген профессионал кабарчыладын иштеген сайты деп ойлочу элем, корсо булар жалган кабар жазган бир тараптуу, элди кайраштырган сайт экен Буларга эми эч качан ишенбейм, окубайм. Фергана.ру Кыргыз элинен кечирим сурашы керек, жалган, далили жок кабарларды жарыялгандары учун.
Урматуу кыгыз элим! Кыргызстандын бутундугу учун курошкондорго жана курман болгон азаматтарга сый-урматым менен таазим кылам. Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттагы кыргызстандын атууладры кыргыздардын момун калк экенин билишет.
Кыргызстан, кыргыз элинин каны-жаны. Кыргызстандагы башка улуттагы кыргыз атуулдары Кыргызсатнды кыргыздай суйсо, кыргыз тилин уйронуп сый корсотсо, азыркы болуп жаткан окунучтуу окуялар болмок эмес.

кимден: Жанызак каяктан: www.presskg.com
18.06.2010 17:59
••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••
кимден: Мекенсуйор каяктан: Курсак тойгон жерден 18.06.2010 00:18
озбектин улут катары территория эмес мамлекети бар, андыктан алар улут катары эсептелерин озунуз тастыктап отконсуз! БИРООНУН КАТАСЫН ИЗДЕП УБАКЫТ ОТКОРГОНЧО...
••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••
Эми-ии, сиз биерде ким экениңиз белгисиз болуп жаткандыктан, анчалык деле териге бериштин кереги жок.
Маселе боюнча:
өзбек эгер Өзбекстанда болсо, анда ал элди "улут" деп атаса болот.
Бирок өзбек эгер Кыргызстанда болсо, биерде ал этностун энчиленген аймагы жок болгондуктан, ал эл "улут" делбей, "этнос, эл" деп гана белгилениши керек.
Маселеге бираз токтоолук менен карап көрсөңүз дурус болор эле.
Баса, аябай кыргыз экениңиз чын болсо, колдон келсе тамгаларды да кыргызча жазып турсаңыз ашыкча болбос.
Ушуну эске алып, биздин сайттан кантип кыргыз тамгаларын алса болорун да байкап көрсөңүз болот.
Аман бололу.

кимден: Kyrgyz-kyz каяктан: KG
18.06.2010 17:47
Salam,Baarynarga rakmat airykcha MEKENSUEOOR KURSAK TOIGON JERDEN degen baikege oto yraazy boldum,abdan kuchtuu jazypsyz!!!Kudaiga shugur kyrgyzda mykty-mykty jigitter bizdi soz menenda, kol menenda koldoi turgandar bar eken!Birinchi jolu kyrgyzmun degen daamdy ,egemenduuluktun,boshtonduktun,koz karandysyzdyktyn daamyn tattym.Allah ech kimdi koz karatpasyn!Ushul mamleketibizdi biroono moyun sundurup koibosun!Boshtonduk bul en chon niyamat,koldo bar bailykty aldyrbaily,talanbaily,birge yntymakta bololu KG eli!Baarynarga rahmat,kursagym toiso boldu dep kara janyn gana oilobogon elim jerim degender bar eken,daje kop eken,rahmat,siler bar bolsonor biz ech nerseden korkpoibuz,Alladan bashka!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.06.2010 16:48
Бизге убактылуу окмоттун кереги жок эле азыркы убактылуу окмоттун окулдору эгер ошондой эле бийлике, байлыка эмес элдин жыргалчылыгы , боштондугу учун курошушсо озулору убактылуу деп олтуруп албай Бакиевдин убагында жакын чойросундо иштебеген жаш татыктуу адамды тандап коюуп коюшуп озулору сыйы менен кетишсе болмок. Акыры булар деле Бакиевдин артынан кете турган болушту окшойт. Убактылуу деп аты айтып тургандай алар кете турган кишилер а Кыргызга жеп ичип алып жооп бербей кете турган башчылар эмес, ар бир жасаган жумушу айткан созу учун жооп берип туболук Кыргыз менен кала турган башчылар керек.

кимден: Айка
18.06.2010 16:39
Жаны бийлик Бакиев уюштурган деп эле олтуруп албай башка вариантарды дагы карап коргуло может адашып Бакиев деп олтуруп башкалар болуп калбасын мисалы Р.К же болбосо билесинер да дагы ким экенин.. Адашсанар жаман болот

кимден: Марал каяктан: ош
18.06.2010 15:28
Акаев кеткенде Бакиев унчукан эмес. Ал эми Бакиев кеткенде бул жаны бийлик эмне эле ага асылып алды, бир демке болсо эле элди алдап Максимди кармадык дейсинер Жалал-абадта жургон жаш Санжарды кармап алгылачы биринчи ал деле колунардан келбейт. Согуш башталганда эле 15адам олду деп мен деле телевизорду балкондон ыргытып жибергим келди эмнеге дегенде мени эшигимди астында эле 15-20 ашык адам жаткан башка жакты айтпай эле койойун. Ушул жаны бийлике мукун болсо 20-жыл мурдагы согушту дагы Бакиев кунолу деп чыгат

кимден: Райхан каяктан: Каракол ш. Ыссык-Кол обл.
18.06.2010 15:08
Туугандар ОШтогуну ким уюштурса да ал жакты бутуп эми КОЛго жетишиптир, элдерге акча таратып согушка чакырып жатышат, анан калса бомба коюуп кетишиптир базарларды жардырат деп уройду учуруп жатышат Эмнеси болсо да КОЛдун эли сабырдуу бололу ар кайсы ушака кирип биз да ОШтогудай ахвалда калбайлы. БИР БОЛОЛУ АНАН БАР БОЛОБУЗ?! Аланайын колдун жаштары оз жерибизди биз да кыйроого учуратпайлы?! берген акча, тонолгон буюмдар, акча берип чыгарган кишилер да жок болот а биз калабыз. Оз элибизди жерибизди коргоп алалы. Баардык колдун жаштары птриот бололу?! Жерибизди сактап калалы?!
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)