Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Курултайлар алдындагы кырдаал

08.03.2010
Айданбек Акмат уулу

17-мартка оппозиция Элдик курултайды, 23-мартка бийлик Ынтымак курултайын белгилеген. Бул иш чаралардын алдында Алай жүрүшү, Нарын митингиси жана Бишкекте жаштардын акциясы өтө турган болууда.

Бийликтин Конституциялык реформасы менен Максим Бакиевдин өтө жогорку кызматка келиши, электр энергиясына, жылуулукка, телефон байланышына тарифтердин көтөрүлүшү жана стратегиялык ишканалардын сатылышы калк ичинде нааразылыкты күчөттү.

Электр кубатына тарифтердин көтөрүлүшү Нарында ири митингдерди жаратты. 24-февралда Нарын шаарында бир миңден ашуун эл катышкан ири митинг болуп, эл электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы пикирлерин билдирди. Нарындыктар менен биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров жолугушуп келип, калктын нааразылыгына жергиликтүү бийлик күнөөлүү экенин 4-мартта президент менен жолугушууда билдирген.

Топчубек Тургуналиев
Жапаровдун мындай маалыматы нарындыктардын нааразылыгын жаратып, алар 10-мартта Нарында кайрадан митингге чогулганы жатканын Бириккен Элдик кыймылдын лидери Топчубек Тургуналиев билдирди:

- 10-мартта электр кубатына бааларды мурунку калыбына келтирүү, жер маселеси, Жетим-Тоо, Аксай, Арпа тарап Кытайга өттү деген кабарды жергиликтүү эл былтыртан бери угуп, көтөрүп келатышпайбы. Менин оюмча ушул маселелер көтөрүлөт.

Топчубек Тургуналиев митингдин катышуучулар ошондой эле 17-мартка белгиленген Элдик курултайга делегаттарды шайлашы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Электр кубатына тарифердин көтөрүлүшү, саясий куугунтук жана стратегиялык ишканалардын сатылышы 17-мартка белгиленген Элдик курултайдын күн тартибиндеги негизги маселелерден болууда.

Ал эми бийлик тарабынан уюштурула турган Ынтымак курултайында талкуулана турган маселелер так аныктала элек. Бирок ага карабай курултайдын жер-жерлердеги делегаттары шайланган. Болгону президент тарабынан дайындала турган 150 делегаттын ысымдары атала элек.

Алайдагы акция. 15-февраль, 2010-жыл
Бийлик менен оппозициянын саясий күрөшүнүн күчөөсүнө Исмаил Исаковдун камалышы өзгөчө салым кошуп, түштүк региондо, тагыраак айтканда Алай районунда нааразычылыктын очогу түзүлдү.

Алайлыктар Исмаил Исаковдун камалышына каршылыгын билдирип, 6-мартта район борбору Гүлчөдө митинг өткөрүштү. Алар 15-мартка чейин митингиде коюлган талаптар аткарылбаса Ош шаарын карай жөө жүрүш акциясын баштаарын ачыкташты. Ал талаптар тууралуу жергиликтүү лидер Айтбай Жээналиев буларды билдирген:

- Биринчи, элдик генерал Исмаил Исаковду бошотуу президент Бакиевден талап кылынсын! Экинчи, өлкөнүн Конституциясын одоно түрдө бузуп, адам укуктарын тебелеп-тепсегендиги жана жалган жалаа жаап Исмаил Исаковду адилетсиз соттогондугу үчүн Бишкек гарнизондук жана республикалык Аскер сотунун судьялары жазалансын! Үчүнчүсү, тынчтык акциясынын катышуучуларынын жогорудагыдай талаптары 15-мартка чейин аткарылбаса, анда Алай эли Ош шаарын карай жөө жана атчан жүрүштү баштайбыз!

Бул арада Бишкекте жаштар телефон байланышы үчүн 60 тыйындын кошулуусуна нааразылык билдирип, 15-мартта митинг өткөрүүнү белгилеп жатышат.

Саясат таануучу Марс Сариев өлкөдөгү кырдаалга карата мындай баасын берди:

- Менин оюмча оппозиция бийликке кысым көрсөтүп жатат. Оппозиция өзүнүн позициясын, күчүн көрсөтүп, анан мунапыска барат деп ойлоймун. Оппозициялык лидерлердин сөзүнө караганда, алар Бакиевге каршы эмес. Бирок электр энергиясына тарифтерди түшүрүү жана президенттин жанындагы топторду ооздуктап, бир калыпка салсын деген талаптарды сезип жатам.

Бийлик электр энергиясына жана жылуулукка баалардын эселеп көбөйүшүнө калк ичинде нааразылык күчтүү экенин билүүдө. Ошого байланыштуу президент Бакиев уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикке тарифтердин көтөрүлүшүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү тапшырганын ачыктады.

Бул арада калктын өлкөдөгү окуялар тууралуу альтернативдүү маалымат алышына тоскоолдук жасоо үчүн бардык жерде күч алууда. Маселен, Нарында “Азаттыктын” маалыматтарын тараткан “Алмаз” радиосунун зымдары уурдалып, эл “Азаттыкты” укпай калды. “Азаттыкты” угуу шыбагасынан Ноокат, Кадамжай, Араван райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары да кур калышты. Анткени Кызыл-Кыя шаарында “Рояль” радиосу “Азаттыктын” толкунун таратуудан баш тартты. Бул радионун кожоюну “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Каримов Алмазбек деген маалымат бар.

Ошентип Акаевдин доорундагы элге акыйкат маалымат жеткирбөө аракети кайрадан күч алды. 

"Азаттыктын" архивинен: Алай эли акыйкат чечим күтөт

Исмаил Исаковдун жети жүздөн ашуун таламдашы Гүлчө кыштагындагы борбордук спорт майданында митинг өткөрүп, генералдын, Петровкадагы жана Балыкчыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн абактан токтоосуз бошотулушун талап кылышты. AiT

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Ош
11.03.2010 17:56
менимче азыркы бийликтеги адамдардан президенттике татыктуу эч ким жок. силер кандай ойлойсуңар?

кимден: Ощ
11.03.2010 17:53
Адамдар силер кимди президенттике татыктуу деп ойлойсуңар?

кимден: Акжол
11.03.2010 15:49
Өлкөдө кырдаал курчуп баратса Ажонун эч бир реакциясы жокко! Таң калам!Же ажо уже башкарбай калганбы? ТАҢ КАЛАМ!

кимден: АЙБА каяктан: Ош
11.03.2010 13:14
Ош эли ар дайым акыйкат бийлик үчүн күрөшүп келген.

кимден: Айнура каяктан: Ош
10.03.2010 23:39
Ой адамдар тендик заманда жашап жатканыбызга кубанбайлыбы? Таңдын атканын кубануу менен тосуп, бир жакадан баш чыгарып, мартта болуп өтө турган "Ынтымак Курултайын" тынчтык менен өткөрөлү!!!!!!!!!!!

кимден: Сураныч каяктан: Ош
10.03.2010 19:16
Урматтуу форумчулар! Бир аз абайлап ой жоруйлучу. Кудайдан корколучу. Президенттин деле жакшы жагы бар, аны издеп болсо да көрө билеличи. Тагдырдын, Кудайдын буйругу экен Бакиев Эгемен Кыргызстандын 2-ажосу болду. Кудайдын буйругуна көп эле акаарат келтире бербейли! Биздин табалап же, кыжырданып жазган ар бир көз карашыбыз окурмандын мээсине оң же терс таасирин тийгизип, үмүтсүздүккө түртүп жатканын унутпайлы. Сассык саясатка, бийликке теңелип, тээригип мекендештерди үмүтсүздүккө түртө бербейли. Бул Кудай алдында чоң күнөө экенин эстен чыгарбайлы.

кимден: Кавказ каяктан: Талас
10.03.2010 08:31
Кыргыз калкым азыркыдай абалда турганда, Таластыктар четтеп турбайт! Биз азыркы "эл башынын" жүргүзүп жаткан саясатына каршыбыз!!! Биздин бийликтегилер элди ойлобой калды! Кыргызга күйгөн эч ким жок! Кыргызстанды - "кайнаса кыргызга каны кошулбаган", жеке өз максатын ойлогон жана көздөгөн "кыргыз эместер" башкарып жатат, булар биз үчүн күйбөйт!!! Айланайындар абалды көрүп муунум бошоп, ыйлагым келип турат! Келгиле! Биригип өзгөрүү дасайбыз!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.03.2010 17:53
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын эли бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына наразычылыгын билдирип жатса, Таластык туугандардын үн катпай жатышында жол болсун.Илгери Атамбаевди, Куловду колдогон таластык туугандар жүгүрүп жатып жүрөктөрү түшүп калган дейм.Жэке адамды кетирүү акциясы эмес, бүгүнкү саясаттын жүрүшүн оңдоп элдин турмуш шартын жакшыртыш керек.

кимден: Алик каяктан: Токтогул
09.03.2010 15:50
Оппозицияны колдоп берели Кыргыз Элим Кыргызстанды чөөлөрдөн сактап калайлы

кимден: Эл үчүн каяктан: Бишкек
09.03.2010 15:18
Я думаю что поднятие цен на тарифы это приведет к плачевным последствиям. Тем более со стороны России идет негласное давление на нашу Республику. Короче я люблю свою Родину а не Государство. В перед да здравствует Свобода. Ураааа
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)