Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

MGN Group баарын колго алууда

12.10.2009
Айданбек Акмат уулу

Өкмөт Камбар-Ата 2 ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн анын өзүн күрөөгө коюп, Өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алмакчы болууда. Күрөөгө коюлган ГЭС түздөн-түз чет өлкөлүк MGN Group компаниясынын колуна түшөт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсунбек Турдумамбетов Камбар-Ата ГЭСтерине байланыштуу мыйзамдын күчүн жоготуу себебин мындай түшүндүрдү:

- Эмне себептен биз аны жокко чыгарууга бердик? Биринчиден, анда биздин башкы мыйзам болгон Граждандык кодекске, андан кийин негизги мыйзам болгон “Акционердик коомдор жөнүндөгү” мыйзамга каршы келген беренелери болду. Ал эмнеси менен каршы болду? Бул мыйзамда (ГЭСтер жөнүндөгү) жазылып турат, ушул ГЭСтерге байланыштуу акционердик коом Жогорку Кеңештин макулдугу менен бир гана жолу түзүлөт. Кайрадан өзгөртүүгө болбойт деп. Бул жазылган нерсе “Акционердик коом жөнүндөгү” мыйзамга каршы келет.

Эми өкмөт “Камбар-Ата-2” акционердик коомун түзүп, ГЭСти андан ары курууну каржылоо маселесин чечет. Акыркы жылдары өкмөт бул курулушка бюджеттик 87 миллион долларды жумшаган.

“Камбар-Ата-2” ГЭСин каржылоонун бир булагы катары Өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алуу каралууда. Насыя алыш үчүн “Камбар-Ата-2” ГЭСинин өзү күрөөгө коюлуш керек. Анткени насыя алууда өзүнүн шарттары бар экенин Турдумамбетов белгиледи.

Өнүктүрүү фондуна күрөөгө коюлган ГЭС түздөн-түз чет өлкөлүк MGN Group компаниясынын колуна түшөт. Анткени Өнүктүрүү
фондунун бардык активдерин башкаруу MGN Groupтун колуна берилген. MGN Groupтун жетекчилиги учурда Кыргызстандагы бир катар стратегиялык ишканалардын директорлор кенешине кирген. Тактап айтканда “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро”, “Ошэлектро”, “Эл аралык “Манас” аба майданы”, “Кыргызтелеком”, "Бишкек машина куруу" заводу  жана “Электр станциялар” акционердик коомунун директорлор кенешине киришкен.

Маселен, MGN Groupтун башчысы, чет өлкөнүн жараны Евгений Гуревич “Электр станциялар” акционердик коомунун директорлор кеңешине кирген.Анын кандай себептен директорлор кеңешине киргени тууралуу суроого Турдумамбетовдун жообу мындай болду:

- (Электр станциялар акционердик коомунун акциясынын) 12% ээси болгон Социалдык фонд өздөрүнүн башкаруу укугун ошолорго бериптир. Ал биздин өкүл эмес. Ошондуктан мен Гуревичти билбеймин. Аны Соцфонддон сураса болот. Алар конкурс кылып, ошондо тандап алышыптыр деп айтышууда. Мен билбейт экенмин.

Өнүктүрүү фондунун активдерин башкара турган MGN Group Россиядан алынган 300 миллион доллар насыяны да, стратегиялык ишканалардын активдерин да тейлейт. Кыязы, президенттин өкмөт жана чиновниктердин колунан финансы каражатын алып коюу менен коррупцияны кыскартуу стратегиясы мына ушинтип ишке ашырылууда окшойт.

Банк системасында да ушундай көрүнүш. Маселен, эгерде өткөн жылдары бюджеттик жана башка төлөмдөр мамлекеттик Эсеп-сактык компаниясы аркылуу жүргүзүлүп келген болсо, азыр ал төлөмдөр чет өлкөлүктөр кожоюндук кылган “Азияуниверсалбанк” аркылуу жүргүзүлөт. Бул банк менен MGN Group чырмалышып калганы маалым.

Социалдык фонд ири ишканалардагы акцияларын MGN Groupка башкарууга берүү менен кандайдыр тобокелчиликке барышы мүмкүнбү деген суроого Социалдык фонддун өкүлү кийинчерээк жооп берерин билдирди. Ал эми белгилүү саясий ишмер Эсенгул Өмүралиев маселе Соцфонд менен MGN Group жетишкен келишимдин мазмунуна жараша болоорун айтты.Активдерин MGN Group башкара турган Өнүктүрүү фонду аркылуу Камбар-Ата-2 ГЭСин каржылоо туура эместигин Өмүралиев белгиледи:

-Өнүктүрүү фондундагы 300 миллион доллар Кыргызстан Россиядан карызга алган акча. Аны өкмөт башкарып, эч кандай фондуларды аралаштырбай эле түздөн-түз берилиш керек. Ал ГЭСти куруп бүтүрүш керек жана ал мамлекеттин менчигинде калыш керек.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов бул маселелерди коррупция менен
байланыштырды:

- Бул проблемалар коррупция менен байланышкан нерсе болуп атат. Анткени жалаң эле Социалдык фонд эмес, толугу менен мамлекеттин каражаттары ошол “Азиауниверсалбанк”, ошол топ аркылуу жүргүзүлүп атат. Финансынын бүт баары бир колдун ичинде, ошол MGN Group дегендин колунда болуп калды.Бул өтө кайгылуу нерсе болуп жатат. Албетте, мындай көрүнүш эч кандай жакшылык алып келе албайт.

“Азияуниверсалбанктын” жетекчиси Михаил Надель алар өлкөнүн финансы рыногунун 25% ээлеп турганын билдирген.

Азаттыктын видеоархивинен:

Камбар-Ата - Кыргызстандын үмүтү.
 


Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: a007 каяктан: Бишкек
19.10.2009 14:20
Мына туугандар, биз өзүбүздүн ата бабадан калган жерлерибизди башка элге саттырып жибердик, эми минтип өзүбүз курабыз, элдик курулуш, улуттук проект деп депутаттар, ТВ, жада калса президент зар какшап жатышпады беле, мына эми аз дагы болсо элдин акчасына курулуп, башкалар алдында элибиз аз дагы болсо сыймык менен сүйлөп калбады беле, Эми минтип биздин жепжутаттар аны да сатышты. ЭЛИМ ОЙГОН.

кимден: Баки каяктан: Баткен
14.10.2009 10:43
Эркин, мен снени оюна толук кошулам. Бала ыйлабаса, эмчек кайда дегендей, оппозиция гана бакырып, эл бакыра албай жатканы өкүндүрөт. Азыр эл эптеп бүгүнкү күн өтсө болду, мага тийбесе дегени өкүндүрөт. Биз жаштар Кыргызстандын эртеңкиси эмне болот экенин жакшы билебиз, мына ушул ойлонтот. Азыркы бийлик бизди жакшылыкка алып барбайт, Кыргызстандын кен-байлыгын жеке менчикке өткөрүп берет, ушул ойлонтот.

кимден: Эркин каяктан: Жалалабад
13.10.2009 16:49
Баки досум сен кызык экенсиң оппозиция дейбиз ошолор айтышып жатат,аларды өзүбүз эл колдобой жатпайбызбы үйдө жатып алып Бешимов тигиндей Бекназаров мындай деп ал элге бизге керек.

кимден: Баки каяктан: Баткен
13.10.2009 16:07
Ай. кыргызым, мына эми ГЭСтерди жеке менчикке берип, баарынан куру калабыз. Оппозиция, эл эмне минтип унчукпай турабыз? Кана барбы мен деген кыргыздар, азыр баштабасак, эртең кеч болуп калды. Ак-жол партиясы саткын, элдин келечегин ойлобой бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргоп жатат. Россиядан келеген кредит менчик фондко өтүп, аны биз төлөйбүз. Президент унчукпай, сокур болуп баратабы?

кимден: ermek каяктан: rossia
13.10.2009 11:59
Ushul kichenekei gesti kura albagandan kiyin Bakiev jok ele bolup ketpesinbi deimda. tuu ata seni Prezidentibiz dep aituudanda uialyp jatam Balan tuugandaryn but baary toibogon adamdar eken emi baaryn satyp kurulup buto elek Gester kaldy ele uyat bul degen

кимден: Аман каяктан: Бишкек
13.10.2009 11:26
Туугандар, Кыргызстан мамлекет болбой эле, директорлор кеңешинин курамы "үй-бүлөдөн" турган Акционердик коом болуп калды. Илгери завод, фабрикаларды акционердик коомго айлантып туруп, талап-тоноп кетишпеди беле. Ошондогудай буларың Кыргызстандын тарпын чыгарып жеп-жутушмай болушту.

кимден: Askar каяктан: Osh
13.10.2009 09:48
Kambar ata kylymdyn kurulushu,kyrgyzdyn eg ele iri kurulushu dep 5 jyldan beri kakshap kelatty bakievdin biiligiu ,emne antip aitat,anan rossiyadan algan akcha kayakka ketet gesti kyrgyzstan ozu kurbasa?Jashasyn Bakiev jana anyn Chykkynchylyk sayasaty...........URAAAAAAAAAAAAAa

кимден: жусуп каяктан: москва
13.10.2009 09:46
Ассаламу алейкум туугандар.Атаңарга алкыш мактоолор болсун ак үйдүн атка минерлери Кыргыздын ишенген берээндери.Сат сат сат Кыргызстанды бүтүн сат ата-энеңди кошуп сат...Деген ыр Акаевдин заманына да Бакиевдин заманына төп келеби

кимден: Улукбек каяктан: Куршаб
13.10.2009 01:18
Айдаганы беш эчки,ышкырыгы таш жарат демекчи.Салганыбыз бир ГЭС Карыз дагы алдык.анысы аз келгенсип эми өзүн күрөөгө койуп жатасыңар.Азыркы бийлик кыргыз эли кыргызстан үчүн таптакыр иштебей жатасыңар.Кыргызстандын күндөн күнгө дүйнөдө абройу ташап жатат.бул өтө чоң уят!!!

кимден: Омурбек каяктан: Чуй
12.10.2009 23:34
Өлкөдө экономикалык монополия орноду.Бул деген келечекти колго алуу деген!МЧС билген экен!
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)