Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:22

Дин

Назианын акыркы ыры

Пакистандык ырчы Назиа мындан ары ырдаганды коюп, намазга жыгылаарын жарыялаганы анын көптөгөн күйөрмандары үчүн жагымсыз жаңылык болду.

Назиа Икбал
Текст көлөмү - +
Дүйнөдөгү эң белгилүү пуштун ырчыларынын бири мындан ары шариат жолуна түшүп, ырдаганды токтотоорун жарыялаганы анын көпчүлүк күйөрмандары жана колдоочулары үчүн такыр күтүлбөгөн жаңылык болду. Муну ачык эле улуттук трагедия катары баалап жаткандар да жок эмес.

Назиа Икбал 21-январда Дубайдагы концертинде элге кайрылып, бүгүн алар ырчыны акыркы ирет көрүп жатышканын, мындан ары ал “чыныгы мусулман аял катары музыкадан баш тартаарын, бетин да көрсөтпөй, паранжа жамынаарын” жарыялады.

Пакистандын батышындагы Сват өрөөнүнөн чыккан ырчы Назиа 2005-жылдан бери Бириккен Арап Эмираттарында, Дубайда жашайт.



Анын өзүнүн эне тили пуштуда, урду, фарси, пунжабиде жазылган альбомдору Пакистанда жана пуштуда сүйлөгөн аймактарда, ошондой эле, Ооганстанда кеңири белгилүү.

Азыр эми Назиа Пакистанда медресе ачаарын, мекенине кайтаарын айтты.

Жумурияттын Балучистан провинциясынын борбору Кветада жашаган Шабана ырчы Назианын узактан берки колдоочуларынын бири.

"Назиа Икбалдын чечимине аябай көңүлүм чөгүп турат, - дейт Шабана. - Ушунчалык жаман болуп, ыйлагым келип турат".

Ал эми пакистандык радио-продюсер жана акын Лаик Зада Лаик мындан да курч сүйлөп, Назианын сахнадан кетиши пуштундар үчүн “улуттук трагедия” деди.

"Ырга чабуул"

Дегинкиси, пуштуда ырдаган бир топ белгилүү ырчылар соңку жылдары кээде күтүүсүз, кээде трагедиялуу окуялардан кийин ырчылыгын токтотушкан.

Айман Удас деген ырчы кызды бир канча жолу радикал исламчылар коркуткандан кийин, 2009-жылы өзүнүн бир тууган агасынын колунан өлдү. Ошол эле жылы белгилүү ырчы жана бийчи Шабананы талиптер өлтүрүп кетишкен.

Бир жылдан кийин Шахенса Бача деген ырчы “эми чыныгы исламдын жолунда жашайм” деп, ырчылыктан кеткен.

Алардын артынан Шакила Наз жана Фарида Хан деген ырчылар да диндин айынан сахна менен коштошту.

Жакындан караганда...

Чыныгы мусулман болом деген ниетте сахнадан баш тарткан ырчылар мурдагы постсоветтик аймактагы Кыргызстанда да бар.

90-жылдары “Чүй кызы” деген ыры менен кыргызстандыктардын сүймөнчүлүгүнө айланган Мухтар Атаналиев динге берилип, сахнадан кеткени айтылып жүрөт.

Ырчы эмес, бирок өзгөчө таланты менен заматта таанылган актриса Айжан Акылбекова башына жоолук салынып, намаз окуй баштагандан кийин, театрдан, кинодон кеткен.

Тажикстанда болсо эки белгилүү ырчынын ырчылык карьерасы ушундай аяктады. Алардын бири – Малика Саидова.

Ал Меккеге ажылыкка барып келгенден кийин эле ырдагысы келбей калган. Ага чейин Манижа Давлатова да турмушка чыккандан кийин, исламга катуу берилип кеткени айтылган болчу.

Исламда фундаменталисттик багыттагы кыймылдар музыкага, сүрөт тартууга, скульптурага, иши кылып, искусствонун бир топ түрлөрүнө тыйуу салынганын чечмелеп жүрүшөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: эрмек.
01.02.2012 19:14
Жалан эркектердин арасында.Бийлегендердин кебетесин карачы.Ал кыз эмес менин журогум тушуп калды. Жаман ой м-н мага кел деп намек кылып атса.Ой кетет да. Тим эле дин ишенгендерге кудай берип калбадыбы. Уялбайсынарбы динге ишенгедердин арасынан ушундай талант качып атканынан. Айла жок тигилерди кыз бетке кармап качып атат. Кийин кыйнабасын деп.Ой тобо...Бакыт берет Аллах деп олосунорго. Эмне гана болбосун Аллаха ыйгара саласынар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.02.2012 19:05
Мунун баары пиар. Ырчы кыз жеткенине жетти. Аты таанылды. Анан кыздар жок жерде ырдагандан тажады да. Ойлосон канча жыл жалан эркектердин арасына ырдашты. Негизи ал тарапта бийчи ырчыларды анча сыйлашпайт. Мобул эле кошуна Өзбекстанда бийчи кыздарды ит кылат экен тойдо.Өз көзүм м-н көрдүм. Канча аялдар куйосун кызканып жаман корот. Ошон учун кетти деп эсептейм. Кудайга ишенгени чын эле болуш керек. Аякта башка кандай иш кылат. Элитага жетиш учун ошондой гана максат м-н жетет.

кимден: Kyrgyz kyz каяктан: Germania
31.01.2012 17:26
Musulman ekenime Allaga shugur,
Allahtyn buirugu menen akyryndap adamdar musulman bolushat.
Allahka min maktoolor bolsun!!
Men u4un, soz bolup jatkan taanymal insandar u4un da baarynan da Allanyn yraazylygy tendeshsiz bailyk jana sajdaga bash koigonduk tuboluk bakyt!!!

кимден: Alina
31.01.2012 05:53
Iclam,iclam...., dep kakwangan fanattar olkony charchatty. Bashka problemalar jetishpei jatkansyp.

кимден: Тоотай каяктан: Бишкек
30.01.2012 13:34
Ушу адамдар татаал эле жанбыз.Жашоону татаалдантып эмне кереги бар?.Адамгерчиликти ыйык тутуп,ыйманынды таза сактап, бироонун энчисине кол салбай,уурдабай кудай таала берген турмушту коркомдоп,бирооно мишайт этпей,кидать этпей жакшынакай жашаганга эмне жетсин.
Мейли ырдагандар ырдасын,бийлегендер бийлесин, каалагандар 5 маал намазын окусун.Кээ бир уй було ынтымактуу,козго сонун корунуп абдан жакшы жашайт,кээ бир адам никеге турбаса да,динге моюн сунбаса да жакшы коргон адамы менен бирооно зыян кылбай жашоосун откоруп келет.Жашоо деген мин кырдуу да,кудай таала да ошентип миллион турлуу кылып жараткан,бардыгына турдуу сыноо,туркун мумкунчулук берген.Анан биз адамдар бироолордун турмушуна кийлигишип андай болсун,мындай болсун деп оз дуйно таанымыбызды тануулай беребиз.
Андан коро жашоонун озу деген эмне?,мен эмне учун жаралдым?,Ушул жашка келгенче эмне кылдым?,жараткан мага мен жасай турган,аткара турган эмне жумушту,милдетти энчиледи экен? деп ойлонуп корунузчу.
Деги эле ушагы жок, жаманатты бузукусу жок, зло дегенден алыс болуп жашап корунузчу.Бу дуйнонун чыныгы коркому ушунда эмеспи.....
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.01.2012 01:06
Abdan conun pikir ! Koldoim ! Rahmat !
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.01.2012 22:12
tuura aytasyz, Tootay. Jashoo ming kyrduu. Sozdorunguzgo koshulam.

кимден: Кыргызбай каяктан: бишкек
27.01.2012 21:16
Абдулазизге ! Чала молдо адам өлтүрөт деген сөз бар , Абдулазиз , сиз менин суроомо эч каанааттанарлык жооп бере албапсыз , ыйык куранда музыка деген термин барбы экен ? жообуңузда ырдоо күнөө деген сөз кай жеринде бар екенин таамай көрсөтө алсаңыз жакшы болмок !
Пикирге жооп

кимден: temir каяктан: rassia
27.01.2012 22:23
kirgizbaiga aitarim aibektin jobun korbodunbu kurandi kim tushundurup beret men saga suroom bar kuranda beshin je sham namaz kelgenbi ekinchiden sunnot ani chechmelep beret sunnotto muzika degen termin kelgen jana kurandi paigambaribizdin sahabalari tafsirlap beret kuranda atandi urdagen termin barbi uf degen termin kelgen senin tushunugun boiuncha atani ursa bolot urdegen termin kuranda jok namazda zeket da ajida kilbashkerek kuranda 4 reket 3 reket 2 reket degen termin jok sen kuranchi degen taipa bar sen oshol pirkadansin alardi paigambaribiz kabardandirgan alar kurangagana ishenishet sunnottu chetke kagishat alar din dushmandar abailangila musulmandar alardin jolu tuzkarama-KARSHI-korsotposton ongo solgo karap dushmandik kilishat
Пикирге жооп

кимден: Черик каяктан: Анкара
29.01.2012 06:12
дин тууралуу тушунугунор кандай экени билинип турат, а бирок "сен тигинденсин, сен мындансын" деп болунгонун туура эмес го Темир мырза, Кыргызбай деле туура суроо сураган, Кураны Керимде "музыкага" тиешелуу термин откон эмес, аны Лукман суросундо айтылган "куру соз менен оюн зоок" кээ бир аалымдар тарабынан "музыка" деген созго далалат кылынганы ал эми кээ бирлери тарабынан "музыка" менен тиешеси жок экени айтылган, эми кеп музыканын ички манызында, сенин ал музыкага берген реакциянда жатат, женил ой бироо болсо албетте музыкасы жок эле жаман жолго барат, ал эми "музыканын" суфизмдеги оорду чон, убагында Кинди, Фараби жана Ибн Сина музыканын жардамында адамдарды айыктырган жана Орто Азияда жаратылган музыкалык аспаптардын саны, Осмон империясы окум суруп турган Анатолия аймагында бар болгон музыкалык аспаптарга караганда кыйла эле коп болгон... алардын эн эле алгачкы орногу биздин Комуз менен Кыл Кыяк... киминер болсонор да изилденип анан ойлонуп суйлогуло, бирин омуру динге ишенбеген болуп, ал эми кийинкин эн элу ыймандуусунбай, комуздун уну менен башкалардын унун салыштырып коргулочу башта, музыка арам дегенди да ойлонуп туруп анан айткыла, анда азандагы макамдарды кантип тушундуруп бересинер, ал ыйык нерсе ошон учун музыкага салынып айтылат деп башымды оорутпагыла... кыскасы ар ким озун туура деп билип, башканы жер менен жексен кылса болду эээ, мен силерден ойдодо да ылдыйда да эмесмин, болгону биринди бирин сыйласан кайсыл Затты таберик деп ойлоп, сыйынсан ошол Затка жагасынар и все... мне кереги бар болунуп жарылгандын???

кимден: Конго каяктан: КР, Ош
27.01.2012 19:08
Урматтуу шеринечилер, менин жазган пикирлерим эч биринерге тануулоо иретинде эмес, балким тушундурмо, жеке-ой жана чындыкты жеткируу болуп гана саналат. Менин дарегиме айтылган курч жана орой комментарийлерге берер жообум болсо: кудай баарыбыздын акыл эсибизди он, тую, кабыл алуу жана тушунуу мумкунчулукторубузду кенен кылган болсун демекчимин. Анан да бул шеринени жалан эле мусулмандар же каапырлар окушпайт. Муну адамдардын турдуу тайпалары окушат. Айтайын дегеним туура жолду издеп таппай адашып жургондор бар, андайларга менин жазгандарым бир аз болсо да жардам, акыйкатты тушунууго бир аз болсо да туртку болсо деген жакшы тилек гана. Ал эми адам баласынын кандай жашоо образын тандап алуусу озунон гана коз каранды, эч ким бироого сен мусулман бол же иудей бол деп кысым корсото албайт жана андай кысымдын болуусун кудай да буйруган эмес. Кереметтуу Куранда СубхаанАллаh ва Таъла (Кудай!) эч качан адамдардын жардамына муктаж эмес! экендигин эскертет. Анын динин кабыл алуу, Анын закону менен жашоо - бул, адамзаты учун берилген шанс, фора гана! Туура жолго кайтуу эч качан кеч эмес. Ал кээ бир акылдуулар жазып атышат "булардын ойуна койсо бизди таш дооруна суйройт " деп. Ислам эч качан адамзатын регресске жетелебейт, керек болсо кереметтуу Куранда адам ар дайым онугуусу, билим алуусу кажет экендиги эскертилген, бирок туура, адал жол менен гана. Ал эми туура жолдо болууну каалабагандар жон гана бузукулукту жайылтышат...
Эй, сен Куйручук, айтчы эмне учун Нил Армстронг исламды кабыл алганын билесинби? Дегеле Нил Армстронг ким экенин билесинби? Аллаhка ант менин интеллектуалым сеникинен жогору, бирок сен аны билбейсин. Сен жон гана бир байкушсун, а мен МУСУЛМАНМЫН! Эгер адамдар акылдуулугунан исламды кабыл алышпаганда анда Нил дагы жуз уйруйт болчу, бирок анткен жок. Себеби исламдан бузукулар, акылсыздар, кытмырлар, эки жуздуулор жуз уйрушот. Ал эми каапыр болгусу келгендер "мен эмне, кудайга ишенбейт бекенмин, намаз окубасам, шариаттын жолунда журбосом да баары бир ишенем да" деп адаша беришет жана ого бетер каапыр боло беришет. Себеби исламдан болок бир дагы дин кудайдыкы эмес! Жана улуту кыргыз болсо эле ал мусулман эмес! Мусулмандардын жузун мусулман эмес кыргыздар булгап жатышкандыгы жашыруун эмес. Керек болсо арак ичип олтургандан кимсин деп сурасан мусулманмын дейт уялбай. Чындыгында ал каапыр. There's no any god besides Allah. If anyone looks for another god he/she actually will be loosing his/her way and headding to the hell!
Пикирге жооп

кимден: temir каяктан: rassia
01.02.2012 05:37
ei cherik sen birinchiden tefakta okuganin anikbilinip turat senmeni bolbo degen sozuno dalildep ber kuran sunnotto toltura dilbar paigambaribiz 73 uchko bolunot deb aitkan kuran ozu kapir mujrim munafik fasik degen terminder aitilingan .emi ibin sinaga otsok alkaramita bolgon feilosof bolgon anin kufursozdoru kop 1 misali korungon nerse allah degen emi al ir menen aiktirgandegen soz turaemes bizge allah ozunun aiattarini shifaa degen israa surosunun 82 aiatta (kurandan tushurulgon aiattar momundar uchun rahmat jana shifaa ) dep baiandagan kuran momundar uchun shifaa degen kafirlar uchun ir shifaa kuran alar uchun azap emi azandi ir demekchisinbi ir shaitandin azani degen sozdu jakshi bilsen kerek ankarada osmon imperasin ushuntip okutturdubu orto azyiaga din ir menen jetkendep munu bashkaga aitpa uiat bolosun osmon imperasi bizge ulgu bolboit al kurt bol gon kiskach aittim shariatta kaisi nerseni dalildep taianat usul fikti jakshilap oku chubaka okshop makalaga taianba surogo kirgidin sozubardepda fatva berbe biz echkachan erchime mankurt emespis dalilsiz suiloson uiat bolupkalasin.
Пикирге жооп

кимден: insan каяктан: Россия
28.01.2012 00:07
Урматтуу Конго, сөзүңдү башында жакшы эле баштаптырсың да, аягында айнып кетиптирсиң. Негизи адам баласы кандай динге ишенсе өз эрки. Сен мусулман болсоң эң жакшы, ошол ислам дининде, куранда айтылгандарды так аткарып, беш маал намазыңды окуп жүрө бер. Башка бирөөнү каапыр деп, акараат айтканга сенин акың жок. Ар ким каалаган динине ишенет, ар кимдин кудуйы көкүрөгүндө. Негизи эле силер каяктан чыктыңар, Кыргызымдын кылым карыткан тарыхы бар, комузда кол ойнотуп, кыяк чертип, созолонто ырдаган акын-ырчыларыбызды унутуп, шалбырап кийинип, тантырап сүйлөп маңкурт болуп кетелиби. Биринчиден мен КЫРГЫЗМЫН деп, кыргыз экениңе сыймыктанып, ата-бабалардан калган тарыхты, эң жакшы адаттарды унутпаш керек. Сени мусулман болбо деп эч ким айтпайт, сен дагы бирөөнү каапыр деп айтканга акың жок. Акыркы 15-20 жылдан бери "чала молдо дин бузаарлар" көбөйдү, алардын ойу боюнча баарыбыз биз мусулман деп, тилибизди, тарыхыбызды унутуп, арабдарды туурап кийинишибиз керекби? Дүйнөдө канча миллион мусулман бар, биринчиден алар өз улутунун кызыкчылыгын жогору коюшат, эч ким мен татар эмесмин же казак эмесмин деп айтпайт. Сен өз сөзүңө өзүң каршы болуп жатасың, ислам дини эч кимди буйрук менен мусулман бол дебейт деп атасың, анда эмне үчүн мусулман эместерди акылсыз, кытмыр деп айтасың. Канчалык деңгээлде интеллектуал экениң түшүнүктүү. Аман бол...
Пикирге жооп

кимден: Куйручук
27.01.2012 20:15
Биринчиден, интеллектуалым эмес, интеллектим жогору деп айтылат. Интеллект - акыл-эс, интеллектуал - акыл-эстуу адам. Аны билип ал. "Аллахка ант" деп айтпайт кыргыз. "Интеллектуалын" ошол жерден эле корунуп калды. Каякка жетелегенинерди Афганистандан коруп атабыз. Артка тартат деп ошону айтат. Нил Армстронг ким экенин сенден жакшы билем. Отсо отуптур, анын эмнеси бар экен? Андан акылдуу канча кишилер башка динге отуп кетип атышат, алар унчуккан жок го жарнама кылып? Же мен сенден ким откон деп сурап атамбы? Мен сенин фантазиянды айтып атам. Оз созунду келтирдим, музыка уккан киши жубайынан башканы каалашы мумкун деген. Конкреттуу мисалдарды келтирдим, Казаковдон баштап Саламаттын ырына чейин. Жооп бере алган жоксун. Силер музыкага каршы чыгуу менен (а музыка ар бир элде бар) адамзат маданиятынын бутундой бир тармагына каршы чыгып атасынар. Таш дооруна суйрогонунор ошол. Силердин оюнарга койсо адам эч нерседен ырахат албай, арабдар тараткан динден башканы суйлобой, талкуулабай эле робот катары жашап отушу керек экен. Андай жашоонун эмне кереги бар? Бир нерсе десе Куранда же хадистерде мындай деп айтылган деп мисал келтиргенди жакшы коросунор. Анын азыркы маселелерге жооп бере албайт. Анткени ал бугун эмес, нечен кылым мурун чыккан. Эч кандай асмандан тушкон эмес. Эч качан мурунку нерсе кийинкиге толук жооп бере албайт. Ошо силердин талибдер да башында чонток телефонду шайтандыкы деп тыяарын тыйып алып кайра пайдаланууга аргасыз болушкан. Дуйно бир орунда турбайт. Дуйно сен ойлогондон алда канча кенен, терен, сырдуу. Исламдан болок бир дагы дин Кудайдыкы эмес дейсин, баары тен ошентип айтышат. Антпесе дин болбой калбайбы. Анан дагы жазыптырсын, "сен жон гана байкушсун, а мен МУСУЛМАНМЫН" деп чон тамгадан. Оо кыйраттын тимеле. Эмне кылайын мусулман болсон? Мусулман болсон озуно. А мен эми сага айтайын - мен оз элимди унутпаган, комуздун куусун талдай билген, оз тамырына бекем байланган кыргызмын, а сен тамырын унуткан, башка жактан бироо бир нерсе десе ошону туурап тоту куш болуп сайрап кеткен бечара манкуртсун. Улутундун салт-санаасы, дуйнотаанымы менен сенин башынды айландырып алган улуттун коз карашы карама-каршы чыкса ойлонбой туруп оз элине каршы чыгасын. Анткени эч качан кыргыз онорго каршы чыккан эмес, билип кой. Онорун болсо орго чап, онорлуу олбойт деп келген. Онору мыкты болгону учун канчалаган куулорду, ырларды ушул кунго чейин сактап келди. Ошол ырлар аркылуу озунун коз карашын, арыз-арманын, умут-тилегин айтып келди. Онору аркылуу улут катары сакталып келди. Онорго каршы чыкканынар - омурго каршы чыкканынар. Жузунор курусун силердин. Тушунсон тушуноорсун, башка айтаарым жок. Тушунбосон сендейлерди желкемдин чункуру корсун.

кимден: Nurlan каяктан: Stambul
27.01.2012 15:39
Торокул, койчу укам!
Ушундай коз караш менен да макала жазылабы? Силер жактаган демократиянын негизги принциптерине шайкеш келбеген пикирди жазыптырсын. Биринчиден ар бир кишинин оздук турмушу озуно гана тиешелуу. Дунуйодо артисти зордоп ырдаткан мыйзам жок.
Пикирге жооп

кимден: Nurlanga каяктан: Bishkek
27.01.2012 18:18
Konechno ar kimdin ozunun ishi kaisyl dinge kiret, emne mn alek bolot. Bul makala bolgonu real'nyi nerse jonundo ele jazyp jatat. Kritikaladyby je? Je zordop kaira yrdataly, myndai artistti jogotuu jaman dedibi?

Kalgan moldokelerge: tilekke karshy karangydan chykpai ele, kaira tunnelge tushup ketip atasyngar. Musulmanchylykka berilip, namaz okuim, men musulmanmyn dep ele extremal pikirlerdi jazgandan koro - koburook okup bilimingerdi onuktursongor bolo!

кимден: Zamir каяктан: Amerika Koshmo Shtattari
27.01.2012 00:48
Bir zal toltura erkekterge irdagandan koro, paranja jabinip, 1 bolmo bolso da ayaldarga irdagani jakshi...

кимден: Жаран
26.01.2012 21:28
Кордунорбу, кыргыздар, булардын каякка алып бараарын. Далайынардын балдарынарды самсаалатып пакистан кийимге кийгизди, эми музыканы тыйгысы келип атат. Унчукпай койсонор андан ары кетишет. Жакында Манасты тыйгыла деп чыгат. Анан бозо менен кымыз деген ичимдигинерден айрыласынар. Анан жылкынын чуйгун этинен кол жууйсунар. Анан Колго тушо албай каласынар. Анан кыздарынарды чумкойбуз деп чыгат, каршы чыккандарга кислота чачып Афганистандай болуп. Анан эстеликтердин баарын алдырат. Театрды тыйышат. Сурот музей деген жок болот. Андан кийин телевизор харам, сотка харам, машине харам деп чыгышат, анткени Куранда бул тууралуу эч нерсе айтылган эмес деп. Акырында тилинерди макулуктун тили деп суйлотпой коет дагы баарынар араб же пакистанчы болосунар, аляка муляка деп. Ошондой жашоо силерге керекпи? Ойлонгула.
Пикирге жооп

кимден: Черик каяктан: Анкара
29.01.2012 05:55
кокуй кун аййа, сенин далилин эмне десем эле чалкандан кетип чычалаганына жол болсун Жаран... мен аларга окшоп да, сага окшоп да жалпылап соз суйлобойм, анан динди уйронгондун, намаз окугандын баары эле пакистанды энсеп, афганистанга айланып калалы же халифатты тузолу дебейт, алды арканды карап анан суйло... и вообще мен сага аларды тануулаган жерим жок, кимди авторитет короорун да мага кызыксыз, а бирок сенин, менин анан тигилердин Кыргыз экенибизди кантип жашырам, мына ушул Кыргыз деген улуу ат бизди топтоштуруп тургандан кийин, бир бирибиздин пикирибизди, ишенибизди сыйлоого мажбурбуз, бул адамдык парз, мына ушинетип болуно берсек эртеге идеологиялык согуштун болушу анык эле... сага башканын ишенимин тануулабай калайын, сен озун учун жооп берсен кана, озун башка улгу бол, анан тигилер да кепкенедей болгон тушунук денгээлинен чыксын аалам менен аралашканы, корунгон менен талашып тартыша бербейм мен да, стандарттарым бар озумо жараша, сени бирдемени тушунот го десем, кайдаааан... озундун логикан, чындыгын менен бактылуу эле бол...
Пикирге жооп

кимден: Черик каяктан: Анкара
28.01.2012 04:35
Мусулсанчылыкта ушундай чектоолор бар, алардан качуу адамга жакшылык аган алып келет деп айтылган создорду эмне учун одоно кабыл алдынар экен ээ Жаран? бироо сизге Исламды айтса айтпаса деле оз билгенинден калбай жашайсын, эми мынтип чектоолор бар деп акыйкат кепти айтып жатса эмне жаманбы? Сен озун учун жооп бер, "кыргыздар кордунорбу" деп тим эле болунуп алганын кара мунун, ар кайсы кой озунун туягынан асылат демекчи, сен да мен да анан тигилер да оздору жооп берет кылган ишине, негизи сен каршы чыгып жаман коруп аткан адамдардын го таянычы бар экен, Курандан мисал келтирип атат болбоду дегенде хадисти да кошуп айтып жатат, ал эми сен кайсыл ишенимге таянып туруп жазып атасын мунунду???
Пикирге жооп

кимден: Жаран
28.01.2012 17:56
Черик, мен кимге кайрылсам-койсом озум билем. Мен эси бар элди эскертип атам, ушундай чектоолор акыры тубу каякка алып барып такай тургандыгын, кандай эркиндигин, кандай баалуулуктарын жоготуп, кимдерге баш ийип кала тургандыгын. Ким мага кошулгусу келсе кошулат, кошулгусу келбесе оз иши сен айткандай. Сен айткан адамдардын таянганы мен учун авторитет эмес. Ушуну билип кой. Аларды мага авторитет кылба. Мен оз ишенимиме, логикама, тарыхка, козум менен коргон чындыкка таянып айтып атам. Башкача кылып ишендире албайсын.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)