Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Текебаев Мырзакматов аркылуу добуш алабы?


"Ата Мекендин" лидери менен "Улуттар биримдигинин" лидери Мелис Мырзакматов
"Ата Мекендин" лидери менен "Улуттар биримдигинин" лидери Мелис Мырзакматов

“Ата Мекен” партиясы алдыдагы шайлоодо “Улуттар биримдиги” саясий партиясы тарабынан колдоо болот деп билдирүү таратты.

“Улуттар биримдиги” расмий келишүү келерки айда белгилүү болорун айтууда. Эксперттер “Ата Мекенге” лидери куугунтукта жүргөн партиянын пайдасынан баш оорусу көп болорун эскертишүүдө.

“Ата мекен” социалисттик партиясынын “Улуттар биримдиги” менен бир пикирге келүүсү, жакындашуусу тууралуу маалыматты парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат, вице-спикер Асия Сасыкбаева да ырастап, партиялардын биригүүсү тууралуу сөз боло электигин, “Улуттар биримдиги” "атамекенчилерди" жасаган ишинен улам колдоп жатканын белгиледи:

- Партиялар кошулган жок, болгону “Улуттар биримдиги” биздин саясатыбызды, идеологиябызды колдоого алды. Биздин жумушубузду көрүп, акыйкаттык үчүн күрөшүп жатканыбызды, мамлекетке күйгөнүбүздү колдоп жатышат.

«Улуттар биримдиги» партиясынын өкүлдөрүнүн реакциясынан улам сунуш «Ата Мекен» тараптан болгонун байкоого болот. Партиянын дээрлик көпчүлүк мүчөлөрү бул маалыматты уга электигин билдирди.

«Улуттар биримдигинин» түштүк аймагы боюнча штабынын жетекчиси Абдыжапар Акулов 10-июлга чейин расмий билдирүү жасаларын билдирди. Ал бул биригүү Мелис Мырзакматовдун азыркы жагдайына оң таасир этет деп үмүт артууда:

- “Атамекенчилер” ошентип атат деп уктум. Негизи сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы ырас. Анан биздин саясий кеңеш июль айынын онуна чейин өз позициясын ачык билдирет. Коомчулук бир ынана турган позицияга келели деген аракеттер болуп жатат. Ошондой эле биздин партиянын лидеринин акыбалына байланышкан туура жолду таап алуу үчүн аракеттер жасалып жатат деп тыянак чыгарсак болот.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул жакындашуу шайлоо мезгилине ылайыкталган эле келишим деп эсептейт. Ал Текебаев менен Мырзакматовдун саясаты асман-жердей экенин белгилеп, партиялардын кызматташтыгы шайлоо өтүшү менен аяктайт деген пикирде:

- Бул шайлоого карата гана тактикалык жүрүш. Бийликке каршы кандайдыр бир электоратты алуу. Эки партиянын биригүүсү мүмкүн эмес. Экинчиден, жакындашканы менен шайлоо өткөндөн кийин тарап кетишет. Бул биримдиктин Кыргызстан үчүн ысык-суугу жок, пайдасыз.

Оштогу саясий талдоочу Эркин Абдразаков болсо биригүүнү “атамекенчилер” учурдагы “Улуттар биримдигинин” аброюн эске албастан ашыкча баш ооруну моюнуна алып жатат деп эсептейт:

- Бийлик негизги оппоненттердин биригүүсүн жактырбайт. Шайлоодо бут тосуу болот. Экинчиден, "Улуттар биримдигинин" салмагы мурдагыдай эмес. Бир катар мүчөлөрү башка күчтөргө ооп кеткен. Мырзакматовдун эл менен байланышы кыйла үзүлүп калды. Өзү болбогондон кийин жанындагылар лидерди ээрчип жүрүп, аппаратта иштеп көнгөн эле адамдар да.

Мырзакматовго былтыр Оштогу эстакада көпүрөнүн курулушу боюнча айып тагылып, издөө жарыяланган.

Ал ушул жылдын башында видео кайрылуу жасап, Ош шаардык соту камакка алуу чечимин өзгөртсө, Кыргызстанга келип, сот алдында актыгын далилдегенге даяр экенин билдирген.

Ошондой эле ага каршы козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп, коррупцияга байланышы барлар КСДП партиясынан экенин билдирген.

Күч органдары “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Орусияда экенин маалымдаган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG