Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Пакистан: сунни-шиит араздашуусунун сыры


Сүрөттө: Мечиттеги жардыруудан кийин коопсуздук күчтөрү иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Сүрөттө: Мечиттеги жардыруудан кийин коопсуздук күчтөрү иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жума күнү Пакистандын Пешавар шаарындагы шииттердин “Имамия” мечитине жанкечтилер жасаган чабуулда кеминде 19 динзар өлдү. Жарадарлардын саны ондоп саналат.

Кызыл кыргын үчүн жоопкерчиликти сунни экстремисттеринин “Техрик-и-Талибан Пакистан” уюму алды.

Хайбер-Пахтунхва провинциясынын полиция акими Назир Дуранинин "Ассошиэйтед пресс" агенттигине айтышынча, мечиттеги чабуул учурунда эки жанкечти өздөрүн бомба менен жардырып жиберген. Намазга жыгылгандардын бири үчүнчүсүн кекиртектен алып, белиндеги бомбаны жардыруусуна жол берген эмес.

Саед Шаббит Шах аттуу динзар “Азаттык” радиосуна көргөнүн мындайча баяндады:

- Мен акыркы катарда тургам. Жардыруу болгон кезде намаз бүткөнү калган. Алар адегенде жети-сегиз граната ыргытып, анан ок ачышты. Согушчандар мечитти күзөткөн биздин ыктыярдууларды атып өлтүргөндөн кийин ичке киришти. Алар кара түстөгү полиция формасын кийип алышыптыр. Мечиттин ичине кирип, окту жаадыра баштады. Таат кылып жаткан адамдар тура калып, кол салгандардын куралдарын тартып алды. Бул тушта бир жанкечти ичкери киргенде башка жанкечти өзүн жардырып жиберди.

Мечиттеги кол салуудан кийин
Мечиттеги кол салуудан кийин

Телеканалдардын бири 3,6 млн. калктуу Пешавардын түтүн каптаган бөлүгүндөгү мечит тараптан бозоруп качкан адамдарды, жарандарды ташып бараткан тез жардам машинелерин көрсөттү.

30-январда Синд провинциясындагы Шикарпур районунда талиптер уюштурган ушундай эле чабуулда 60тан көп динзар набыт болгон. Эртеси шииттердин “Мажлис Вахдат-и-Муслимин” уюмунун башкы катчысы Аллама Хусейн Рейтер агенттигине курган маегинде канабайрамдарды токтотуу үчүн өлкөнүн чар тарабын талиптерден тазалоого чакырган.

- Биздин талап бирөө: Пакистан армиясы Синдде, Карачиден Пешаварга жана Гилгит-Балтистанга чейин операция жүргүзүп, Пакистандын, исламдын жана адамзаттын душмандарын өлкөдөн кууп чыгышы керек.

Серепчилер 13-февралда Пешавардагы мечитте жасалган кыянаттыктын башкы себеби - сунни экстремисттеринин шииттерди кудайсыз каапыр деп, элдешкис душман катары көрүшкөнүнө байланыштуу болду дешет.

Мечиттеги кол салуу маалында жакынын жоготкон адам
Мечиттеги кол салуу маалында жакынын жоготкон адам

Англис тилиндеги Gandhara сайтынын редактору, Түштүк Азия боюнча эксперт Абубакр Садикю пакистандык суннилер жана шииттер арасындагы жаатташтык чатагынын экинчи жүйөсү ислам түшүнүгү жана тарыхы боюнча кылымдардан бери келаткан эки башка көз караштан башат алат дейт:

- Сунни-шиит болуп жаатташып араздашуу - ислам дүйнөсүндөгү суннилер менен шииттер ортосундагы чоң чатактын бир ныптасы. Бул сунни жана шиит адамдар арасындагы жаңжал эмес, себеби алар исламда көпчүлүктү түзгөн эки чоң эл. Эзелтеден ортодо исламды түшүнүү боюнча доктриналык келишпестик бар. Соңку жылдары бул карама-каршылык кай бир жерлерде этностор аралык, жаатташтык жаңжалына ооп кетти. Пакистан анын бир үлгүсү. Себеби шииттер жана суннилер өлкөнүн бардык бөлүгүндө, бардык этносторунда жана түркүн тилде сүйлөгөн элдерде бар.

Абубакр Садикю 2014-жылы Лондондо басмадан чыккан “Пуштун маселеси: Пакистан жана Ооганстандын келечегинин табылбаган ачкычы” (The Pashtun Question: The Unresolved Key to the Future of Pakistan and Afghanistan) деген көлөмдүү изилдөөнүн автору.

Ал Пакистандагы суннит-шиит араздашуусуна 1979-жылкы Ирандагы ислам ыңкылабы да салым кошконун белгилеп, эң чоң күнөө Пакистанда таза суннит мамлекетин курабыз деген Деобанди жамиятында деп кепти улантты.

- Ирандагы революциядан кийин шиит жамааты саясий жактан активдүү болуп кетти. Ооганстандагы совет аскерлерине каршы жихад учурунда суннилердин башы катуулары, өзгөчө, Деобанди сектасы Пакистанда таза сунни мамлекетин курабыз деп үгүттөй баштады. Алар суннилерди мусулман, шииттерди кудайсыз деп билишет. Диний чатак 1985-жылдан тартып курчуп, айрыкча, суннилердин шииттерге кол салуусу ырбады. Менин чамамда, анын кесепетинен кеми 5 миң, көбү 10 миң адамдын өмүрү кыйылды.

2013-жылы Пакистанда суннит экстремисттер 500дөн ашуун шиит мусулманды өлтүргөн. Чиркөөдө бомба жардырылып, 80 тарса-христиан апаат кеткен.

Өлкө калкын таза мусулман жана динсиз каапыр деп экиге бөлүп, элге бүлүк салган бузукуларга каршы Пакистан бийликтери кандай чара көрүүдө? Бул суроого Абубакр Садикю мындай деди:

- 2004-жылы Пакистан талиптеринин козголоңу күч алгандан баштап, шиит-сунни арасындагы жаатташтык жаңжалы өкмөттүн талиптерге каршы согушунун бир өңүрүнө айланды. Анткени Пакистан талиптеринин көбү медреселерде окугандар же диний таалим-тарбия көргөндөр. Бул шииттерге да таандык.

Пакистандын 183 миллион чамалуу элинин 20 процентке жакыны же ар бир бешинчи жаран шиит мусулманы.

XS
SM
MD
LG