Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Пакистан: Шариф өкмөт түзүүгө киришти


Тарыхый парламенттик шайлоо өткөн Пакистанда бийлик алмашуу алдында турат. Жаңы өкмөттү мурдагы премьер-министр Наваз Шариф түзмөкчү. Бул ушуну менен 63 жаштагы Шарифтин өкмөт башчылыкка үчүнчү ирет келиши болот.

"Талибандын" коркутууларына жана кол салууларына карабай, 2008-жылга салыштырмалуу эл жигердүү катышкан парламенттик шайлоонун азырынча бейрасмий жыйынтыктарына караганда, Наваз Шарифтин акыркы жылдары оппозицияда болгон "Мусулман лигасы" партиясы парламенттеги орундардын басымдуу бөлүгүн алат.

Улуттук ассамблеяда 342 депутаттык орун бар. Мунун ичинен тикелей жол менен шайлануучу 272 орундан "Мусулман лигасына" 130тай мандат тийчүдөй.

Калган 70 орундун 60ы аялдар үчүн, 10у мусулман эмес азчылыктар үчүн бекитилген. Шарифтин партиясы бул орундардын да басып бөлүгүн ээлеп, парламентте жеке өзү эле көпчүлүктү түзө алат.

Добуш берүү учуру. 11-май, 2013-жыл.
Добуш берүү учуру. 11-май, 2013-жыл.
Ал Лахор шаарынан жактоочулары астында сүйлөгөн учурунда Пакистандын саясий күчтөрүн ынтымакка жана кызматташтыкка чакырды:

- Эл үчүн, Пакистандын 180 миллион калкы үчүн, электр энергиясынын таңкыстыгынан, инфляциядан, жумушсуздуктан арылуу үчүн мен оппоненттерден биз менен бирге отурууну суранам.

Пакистандын шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, ишембидеги добуш берүүгө шайлоого укуктуу 86 миллион адамдын 60% келди. 2008-жылы бул көрсөткүч 44% гана түзгөн экен.

Ишембидеги шайлоо Пакистандын 66 жылдык тарыхында жарандык өкмөт алгач ирет өз бийлик мөөнөтүн толук иштеп бүткөндөн кийин өттү. Башкача айтканда, бийлик бир өкмөттөн экинчисине шайлоо аркылуу тапшырылууда.

Өлкө көз карандысыздык алган 1947-жылдан берки мезгилдин жарымында Пакистанды армия башкарып, алар үч ирет төңкөрүш жасашкан.

Буга чейинки коалициялык өкмөттү башкарган Пакистан Элдик жана Авами улуттук партияларынын шайлоодо олуттуу жоготууга учурашына, талдоочулар белгилегендей, алардын акыркы беш жылдагы саясатына элдин ичи чыкпаганы себеп болду.

Пакистандын крикет боюнча курама командасынын мурдагы капитаны Имран Хандын “Техрик-и-Инсаф” же "Адилеттик үчүн" партиясы да элден жакшы колдоо алып, парламентке жаш фракция катары кирүүдө.

АКШга карата саясат өзгөрбөйт

Жаңы өкмөттү башкара турган Мусулман лигасы бизнести, аймактык кызматташтыкты жана коңшулар менен тынчтыкты колдогон саясий күч катары белгилүү.

Шайлоо жыйынтыгын майрамдап жаткандар. 12-май, 2013-жыл.
Шайлоо жыйынтыгын майрамдап жаткандар. 12-май, 2013-жыл.
Исламабаддык журналист Захид Хуссеиндин пикиринде, Пакистан террорго каршы согуштан чыгат деген буга чейинки билдирүүлөрүнө карабай, Шариф АКШ менен кызматташтык мамилени кармайт:

- Мен Наваз Шарифтин тушунда Пакистандын АКШга карата саясатында олуттуу өзгөрүү болот деп ойлобойм. 1993-98-жылдары премьерлик кылган кезинде Шариф АКШ менен кызматташкан. Кандайдыр бир кооптонуулар айтылды, бирок мен Пакистандын АКШ боюнча саясатында олуттуу өзгөрүү болорунан күмөн санайм.

Закид Хуссеин бирок Ооганстан боюнча саясатта акыркы сөздү армия айтарын белгилейт. Ал кошумчалагандай, Ооганстан боюнча саясатты буга чейинкидей эле өкмөттүн макулдугу менен аскерий жетекчилик жүргүзөт.

Пакистандын АКШдагы мурдагы элчиси Тарик Фатминин пикиринде, Шарифтин администрациясы Ооганстандагы тынчтык жараянды колдочудай:

- Ооганстан боюнча Наваз Шариф мырзаны айырмалаган бир нече маселе бар. Эң башкысы ал Ооганстандагы тынчтык жараян оогандар өздөрү ээлик кылып, өздөрү жетектегенде гана ийгилик таба алат деген ишенимде.

63 жаштагы Шариф Пенжаб провинциясынан чыккан. Байлардын жана бир нече жылдан бери Пакистан саясатындагы негизги оюнчулардын катарына кирет.

Пакистан алгачкы өзөктүк куралын 1998-жылы Шариф премьер кезинде сынаган. 1999-жылы, генерал Первез Мушараф бийликтен аскерий төңкөрүш аркылуу кулаткандан кийин Сауд Аравияда сүргүндө жашап, мекенине 2007-жылы кайткан. 2008-жылкы шайлоодо партиясы экинчи орунду ээлеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG