Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Пешавардагы чиркөөдө эки бомба жарылды


Пакистан -- Пешавардагы жардыруудан кийин, 22-сентябрь, 2013-жыл
Пакистан -- Пешавардагы жардыруудан кийин, 22-сентябрь, 2013-жыл

Пакистандын Пешавар шаарында христиандардын чиркөөсүндө жанкечтилердин кош жардыруусунан 78 киши жантаслим болду.

Окуя жекшембиде жергиликтүү христандар Пешавардын Кохати Гейт деген конушундагы Ыйык Жон чиркөөсүнө ибадатка чогулган учурда болгон.

- Бомбаны жанкечти жардырган. Христиандар жекшемби күнкү ибадатты аяктап жатканда ал чиркөөгө кирип барган. Ошол учурда чиркөөдө 600дөй киши бар болчу, - деп маалымдады Пешавар комиссарынын орун басары Захирул Ислам.

Маалыматтарга караганда, 70тен ашуун киши жантаслим болуп, 100 чакты адам жараланды. Жарадар болгондордун арасында өтө оорлор бар. Христиандарга каршы мындай кандуу кол салуу Пакистанда көп жылдардан бери боло элек эле.

Күбөлөрдүн бири катуу жарылуудан жерге жыгылганын, көп узабай экинчи жарылуунун үнү угулганын айтып берди. “Ар тарабымда жарадар болгон адамдарды көрдүм”, - деди 50 жаштагы Назир Хан Ажанс Франс Пресс агенттигине.

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф “бейкүнөө адамдарды бутага алуу исламга жана бардык диндерге жатпайт”, - деп чабуулду айыптады.

Регионалдык маалымат министри Шах Фарман “Азаттыктын” Пакистан кызматы менен маекте бул окуя өлкөдөгү тынчтык процессин үзгүлтүккө учуратпашы керек деди:

- Абдан кайгылуу окуя болду. Бирок жалпысынан өлкөдө андай кол салуулар азайып баратат. Пакистандагы талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрүүдө. Анын үзгүлтүккө учурашын каалабайбыз. Иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп, жардырууну ким, эмне себептен уюштурганын билели.

Христандар өлкө калкынын 4 процентин түзөт. Маал-маалы менен аларды “каапырлар” деп атаган исламчыл экстремисттердин кол салууларына туш болушат.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Пакистанды азчылыктар үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизип келишет.

2009-жылы Горжа шаарында христиандар ыйык Куранга акаарат келтиришкен деген имиштер тарагандан кийин бир нече үйлөр, чиркөө өрттөлүп, 7 христианды өлтүрүп кетишкен.

Жергиликтүү жашоочу Мартин Жавед Миакал өкмөт христиандарды коргоо үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат деген оюн ортого салды:

- Биз, христиандар үмүтсүз, жардамсыз болуп калдык. Пакистанда келечегибиз жокко эсе. Бизге экинчи сорттогу жарандардай мамиле кылышат. Көп жылдардан бери дискриминациялап келишет. Эми чиркөөлөрүбүз, адамдарыбызга коркунуч туулуп жатат. Экстремисттер бизди Пакистанда жашоо укугубуздан ажыратышууда. Бул улана берсе мындан да көп христиан Пакистандан кете берет.

Пешавар Пакистандын түндүк-чыгышындагы Хайбер-Пахтунква чөлкөмүнүн борбору.


Тасмада: Чиркөөдөгү кош жардыруудан кийин
Пакистан: чиркөөдөгү жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00

XS
SM
MD
LG