Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Имамдан корккон өспүрүм өз колун кести


Пакистанда мечитте Куран окууну үйрөнүп жаткан балдар
Пакистанда мечитте Куран окууну үйрөнүп жаткан балдар

Пакистанда адамдарды диний жек көрүүгө түрткөн имам камакка алынды. Имамды камакка алууга анын сөзүнөн улам пайгамбарга акаарат келтирдим деп ишенген өспүрүм баланын колун билегинен кесип салышы себеп болгон.

Полиция имам Шаббир Ахмед Пакистандын Кылмыш кодексинин террорчулукка каршы беренесине ылайык камакка алынганын билдирет.

15 жаштагы бала өз колун өзү кесип салган окуя Пенжаб провинциясындагы Хужра Шах Муким районунда өткөн аптанын ортосунда болгон. Пакистандын англис тилинде чыкчу Dawn гезитинин кабарлашынча, андан бир күн мурда мечиттин имамы өзү окуткан балдардан “Силердин араңардан ким Мухаммед пайгамбарды сүйбөйт?” деп сурайт. Суроону каңырыш уккан Мухаммед Анвар колун көтөрөт. Муну уккан молдо аны пайгамбарга акаарат келтирдиң деп катуу жемелейт. Эси чыккан баланы чогуу тургандар да каргап-шилешет. Анан өспүрүм бала үйүнө барып, бир колун билегинен кесип, эртеси табакка салып молдого көтөрүп келет.

Өспүрүм колун эмнеге кести?

Өспүрүм Мухаммед пайгамбарга сөз тийгизбегенин жана аны сүйгөнүн далилдөө үчүн колун кестиби?

Теги пакистандык журналист, англис тилинде чыккан Chandra/RFERL.org сайтынын редактору Абубакар Сыдыки суроого жооп берүүдөн мурда Пакистандын теңинен көп калкы - 82 миллиондой эл жашаган Пенжаб провинцияндагы мусулмандар туткан барели жолунун өзгөчөлүгүнө токтолду.

- Пенжабда көпчүлүк эл исламдын барели жолуна кирет. Ал негизинен байистүү. Бирок ал жолдогулар Мухаммед пайгамбарга болгон өзгөчө мамилеси жана пайгамбарга сүйүүсүн шардана көрсөткөнү менен айырмаланышат. Барелилер Пакистандын ар бир жараны Мухаммедди теңдешсиз пайгамбар деп таанышы керек, ага жана исламга жаман сөз айтпашы керек деп эсептешет. Башка мусулмандар да ушундай көз карашта. Ошентсе да алардан барелилер өзгөчөлөнүп турат.

Пакистанда 1980-жылдары Мухаммед Зия-ул-Хак президент кезде Аллага акаарат сөз айткандарды жана андай макала жазгандарды, же башка ушул сындуу иш жасагандарды жоопко тартуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, динге, айрыкча, исламга, Мухаммед пайгамбарга, Куранга шек келтирүү кылмыш деп саналат жана андай адам өтө катуу жазаланганда дарга асылат же өлтүрүлөт - дейт журналист Сыдыки.

- Көпчүлүк учурда эгер кимдир бирөө башка бир адамды исламга акаарат келтирди деп айтса, адамдар аны каргап-шилеп, ур-токмокко алышат, өлтүрүшөт же үйүн өрттөп жиберишет. Муну алар адилеттик деп билишет жана эч ким узак сот жараянын күтпөйт. Сот да болбойт. Жанагы баланы да молдо ушул тейде жемелеп айыптаган жана өспүрүм өз өмүрү үчүн корккон. Ошондуктан 15 жаштагы өспүрүм исламга акаарат келтирбегинин далилдеши үчүн үйүнө барып, өз колун кескен деп ойлойм.

Имамдын каарына калып, колун кесип салган баланын ата-энеси сотко даттанган эмес. Тескерисинче, уулубуз ушундай эрдикке барды деп сыймыктанышкан. Кыштактын эли болсо Мухаммед Анвардын соо калган колун өөп, ага таат кылышкан. Ошентсе да өспүрүмдү буга түрткөн имам Шаббир Ахмед камакка алынып, окуя иликтенип жатканын Пакистан полициясы маалымдады.

Өткөн жумада Пакистанда жогорудагыга үндөш дагы бир окуя болду. Парламенттин мүчөсү, башкаруучу Пакистан мусулман лигасынын мартабалуу өкүлү Марви Мемон кыздардын 18 жаштан күйөөгө чыгуусун сунуштаган мыйзам долбоорун артка кайтарып алды. Анткени 43 жаштагы депутат аялды Мусулман аалымдар кеңеши мындай мыйзам долбоорун даярдап, шариятка акаарат келтирдиң деп күнөөлөшкөн. Бул кеңеш мурда зордукталган аялдарды коргоо, шектүү эркектин ДНКсын текшерүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун да жактырбай токтотуп койгон.

Франс-пресс агенттигинин кабарлашынча, Кеңештин төрагасы Мухаммед Хан Ширани шариятка ылайык, кыздын балакатка жеткен белгилери байкалса, күйөөгө чыкса болорун айткан (шарият боюнча кыздын этек кири келе баштаган учурдан тарта балакатка жеткендердин катарына кошулат). Ошондуктан “парламент Ыйык Куран же сүннөткө каршы мыйзам кабыл ала албайт” деп түшүндүргөн Кеңештин төрагасы.

XS
SM
MD
LG