Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:35

Кыргызстан

ЕККУ Кыргызстанга полиция киргизүүнү дээрлик колдоду

Германиянын тышкы иштер министри Гуидо Вестервелле Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүнү ЕККУ колдой турганын билдирди. Кечээ алар кыргыз өкмөтү менен өлкөгө куралсыз 52 полисменди киргизүүнүн жол-жобосун такташкан.

Эларалык полиция миссиясы кыргыз милициясына коопсуздукту коогалаңдан кийин иштөөгө жардам бериши керек
Текст көлөмү - +
Ага ылайык, эл аралык полиция кыргыз милициясын төрт ай бою окутат, абалга байкоо жүргүзүшөт.

Чечим кечээ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин Алматыдагы жыйынында айтылды. Анын максаты - өзбек-кыргыз улуттары ортосундагы кандуу кагылышуулардан кеминде 309 адам өлүп, 400 миңдейи там-жайсыз калгандан кийин, өлкөдө коопсуздук камсыз кылып, тартипти орнотууда кыргыз милициясына жардам берүү.

Бүгүн Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев бул тууралуу айтып жатып, эми аны ЕККУга мүчө мамлекеттер жактырышкандан кийин, полиция түштүккө жиберилет деди.

“Кыргызстандын суранычы боюнча Ош жана Жалал-Абад облустарына эларалык полиция күчтөрүн жайгаштыруу чечимин кабыл алуу бүгүн дээрлик аяктап калды, - деди Саудабаев. - Кыргызстандагы азыркы оор абал Борбор Азияга регионуна эле эмес, андан сырт жактарга да терс таасирин тийгизиши мүмкүн”.

Бирок полиция күчтөрү качан киргизилээри азырынча так айтыла элек. Министрлердин чечимин ЕККУга мүчө баардык мамлекеттер колдошкондон кийин гана ал күчүнө кирет.

ЕККУнун министрлеринин жыйынына чейин Германиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери Гуидо Вестервелле менен Бернард Кушнер Ошко барып, коогалаңдын кесепети менен таанышып келишкен.

Кыргыз бийликтеринин айтымында, июндагы жалжаң учурунда 2500 үй, 100 ашуун коммерциялык ишканалардын имараттары, 10 мамлекеттик ишкана бузулган.

Кийин француз жана немис министрлери Бишкекке барып, президент Роза Отунбаева менен жолугушту.

Вестервелле бүгүн Алматыда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанда стабилдүүлүктү орнотуу азыр башкы приоритет экенин, ЕККУ полицияны жиберүүнү колдой турганын айтты.

“Азыр кесиптештеримдин көбү бул миссияны колдоп жатышканын көрүп жатам, - деди немис министри. – Бул чечимди бүгүн эле ЕККУ толук колдойт деп айта албайм, бирок полиция сөзсүз жиберилет. Биз Кыргызстанда кырдаалды турукташтырыш үчүн ушуга барууга муктажбыз, анткени баарыбыз ал жакта тынчтык болушуна кызыктарбыз”.

Министрлер бул жыйында Ооганстандагы кырдаалды да талкуулашты.

Учурда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун Казакстан жетектеп жатат. Жыйын маалында уюмдун кеңири саммитин быйыл жыл этегинде Астанада өткөрүү демилгеси да көтөрүлдү.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярск
19.07.2010 13:18
Биз чет жердеги кыргыздар, Кыргыз Мекенибизди суйобуз. Бирок, коркунучу жок эле, негизсиз бара калуу дагы туура эмес. УО чет элдик полицияны парламенттик шайлоого чейин болуп беришсин деп жатышпайбы. Полициянын жардамына таянып алышып, каалаган мудо-максаттарын орундаткысы келгендер болсо жанылыштык кетиришет. Ансыз дагы биздин Кыргызстанда жер тар, анан ошол жерден жер болуп беруу, бул мекенибиздин жок болушуна коркунуч келтирет. Ушул шарттарга жол берген 1-кезекте Роза Отунбаева-башчыбыз куноолуу болуп калат.

кимден: kg_boys
19.07.2010 10:48
Mirat tuura aitasyn!bizdin ak ui prohodnoi dvor bolup kaldy,kaalagan kelip prezident bolup,ozunun kazynasyn tolturat.Roza eje sizda osholordun biri ekensiz.Ar kimden jardam surap aaa....

кимден: Болот
19.07.2010 08:35
эй кыргыздар, полицейскийлер келери эми бышык. Азыркы бийлик алдырып ийди. Мамлекетибизди жоготорубуз мумкун. Азыр бу полицейскийлер эмне максат менен келеерин эч ким так айткан жок, жада калса жаны бйилик былт этпей макул болуп берди. Россияда, туш-туш та жургон кыргыз жигиттер, силер мекенге кайтып абал турукташкнча кичине коз караан болуп кетпесенер арабыз суюп кетти, байкап коз солып коргулочу. Ким билет чочун улуттар ошону байкап бизге баш которо баштадыбы. Тушуном, турмуш оор, бирок мекен керек да. Ойлонгула. Ойлонуп, камданып туруп келгиле ЖЕРГЕ, бир же керек болсо эки жыл мекенинерге кайтып кыргызды колдобосонор болбойт. Жок дегенде моралдык жактан бул жердеги кыргыз озун бийик сезип калат. Башка улуттар да ойлосун кыйын учурда кыргыз чогула калат, бири бирин колдойт деп. Анан тарыхтын эн эле бир кыйын учурунда турабыз. Ойлонгулачы, кор болуп кетти кыргыз эл, силерди ЖАРАТКАН ушул жерде кыргыз кылып жараткан. Акча, дунуйо -баары керек, бирок кыргыздын бир ууч жериндей эч баалуу нерсе болбосо керек бу жарык дуйнодо. Кайтып келгиле жок дегенде бир жыл. Абал турукташканда кайра барасынар Россияга. Азыр силерге мекен керек, КЫРГЫЗ жери керек! Мекенди суйгуло, мекен учун жан бергиле, мекен деген ыйык!

кимден: Асангайгы каяктан: Тениртоо
19.07.2010 07:24
мен баштадан еле айтып келе жатбайымбы. карттарда үмүт жок. себеби алар көргөн өскөнүн кылышат деп.бийлике жаштар келмейинче ушундай еле боло берет. нааразылык токтобойт. өздөрүнүн күнүмдүк кызыкчылыгын ойлоп сырткы күчтөрдү киргизмек болуушуда. мунун арты чыр менен бүтөт. карап сары есеп салып баккылла. сырткы күчтөкдү алып кирген елдерден кайсыл бири согуш отуна айланбай парчаланбай калышты. баардыгынын таш талканы чыгып чон елдердин курал соодасын кылы турган базары болуп, бир канча жылдар урушуп таш талканы чыгып, елдер елдиктен кетип турду. маселен ырак менен афканыстанды еле карагылачы.

кимден: Azat каяктан: bISHKEK
19.07.2010 00:09
Menenin oiymcha 50 je 100 policia kirse jaman bolboit. Kichine bizdin milisiaga bir demeni yirotyp ketsin. Kee birleriner aityp jatpaisynarby, bizdin ichki kychtor tynchytpadyby dep. eger tynchytsa yshyncha adam kaza bolmok bele.

кимден: Кыргыз
18.07.2010 21:35
Эл аралык делген полициялык кучтордун Кыргызстанга киргизилишинин эн терен мааниси жана максаты бул Кыргызстанды акырындап , акырындап дуйнонун таасирдуу мамлекеттери тарабынан кол астына алуу . Устуртон укуктук , гуманитардык жардам беруу жана кенеш беруу делингени менен теренирээк чукусак былгытмайлары ошондо чыгат . Булар эптеп Кыргызстанга алаканын батырып алышса болду , колу буттары менен кирип , белчесине чейин батып бизди каалагандай калчап калышканын Кыргыздар билбей деле калабыз . Булардын негизги принциби Кыргызстанды жарып тартып бийлик кылыш керек . Буга Кыргыз элим жол бербейли , Кыргыздардын Кыргызстандан башка жери жок , мекени жок бул жер бизге эле керек . Башкалар бул жерде бешинчи колонна катары , кичине кыйшайган жакка ооп кетише берет . Муну биз эн сонун коруп турбайлыбы Кыргызым кичине кунт коюп тегерегиндегилерди байкачы кимдин эмне деп айтып , эмне иш кылып жатканын тез эле баамдайсын .

кимден: нурик каяктан: Ош
18.07.2010 20:38
Эгемберди эмне мусулмандын баары экстримист бекен? Ойлонуп жазчы кичине жазат десе жаза бербей,мен дагы каршымын жана Отунбаеванын акыркы аракетин колдобойм, Муралиевин дагы колдобойм. Баары кетсин! Жанылануу Жаштар учунмун.

кимден: Мират каяктан: Бишкек
18.07.2010 19:12
Эмне баягы ызычуу болуп жатканда биздин жигиттер тынчыттыго, эми туштон кийин булардын эмне кереги бар,булар акылын башка жака уйротсун биз коз карандысыз мамлекетбиз Отунбаева кетсин бир мамлекетти башкара албаса мунун Акаев,Бакиевден айрмасы жок экен баягыларды алып келди омуру олгончо жеп жургон бийлик дегенде олуп кетейин деген кишилерди. Кыргыздар татыктууну тандайлы

кимден: Эгемберди
18.07.2010 19:04
Полиция күчтөрүнө каршы болуп аткандар - исламчыл экстремисттер. Булар бардык тармактарга кирип алып, галстук тагынымыш болуп, акырын өздөрүнүн программаларын түртүп атышат. Биздин эле кыргыздар. Буларды кой терисин жамынган карышкырлар деп коет.

кимден: Azat каяктан: Turkiya
18.07.2010 18:30
Urmattuu Azattyk, emne uchun azyrky ukturuungardy uga albai atabyz? Azatty.KG da ishtebei jatat? Keche da ishtegen emes? Emne boldu? Kairadan bayagy kalypka tushup kaldyngarby? Okmot jaman korup kaldyby? Suranych tez joop bergile.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)