Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:19

Борбор Азия

ЕККУ: Казакстан өзгөрүүнү өзүнөн башташы керек

ЕККУдагы америкалык тарап Казакстанды уюмдун жаңы жетекчиси деп колдой турганын билдирди. Бирок өлкө, эгер уюмдагы ишинде ийгиликке жетишем десе, өзүндөгү адам укуктарынын абалын жакшыртышы керектигин айтты.

Канат Саудабаев - Казакстандын тышкы иштер министри
Текст көлөмү - +
2-февралда Вашингтондогу жыйында АКШнын Хельсинки комиссиясынын жетекчилеринин бири Алсии Хастингс ЕККУнун жаңы жетекчиси катары Казакстанды АКШ колдой турганын билдирди. Бул колдоо 2007-жылы эле Мадриддеги жолугушууда айтылган экен.

Бирок ал казак тышкы иштер министри Канат Саудабаевге кайрылып, бул колдоо “Казакстан айрым конкреттүү тармактарда алга жылуулар болооруна ишендиргенден кийин берилгенин” эске салды.

“Убадалар сакталат деп ишенем, - деп айтты Алсии Хастингс. - Андыктан, министр мырза, сиздин өкмөт Мадридде берген убадаларын ЕККУнун стандарттарынын негизинде ишке ашыра башташын күтөбүз”.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму дүйнөдө демократияны жайылтып, сөз эркиндигин, ачык-акыйкат шайлоолордун өтүшүн, азчылыктардын укуктарынын корголушун жактап келаткан уюм. Ага 56 мамлекет мүчө.

Борбор Азиядагы мунайга бай Казакстан 2001-жылдан кийин коопсуздук тармагында АКШнын жакын өнөктөштөрүнүн бирине айланды. Ал 2010-жылы ЕККУну жетектөө вазыйпасын алыш үчүн өзүндө демократияны чыңдоого касам ичкен. Бирок өлкөдө өткөн бир дагы шайлоо батыштык байкоочулар тарабынан “акыйкат болду” деген баага татый элек. Мамлекетти 20 жылдан бери бир адам – Нурсултан Назарбаев – башкарып келатат жана ал өзүнө каршы оппозицияны көрө албастыгын далилдеди.

Өлкөдө бир топ эркин гезиттер жабылды. Өкмөттү сындаган укук коргоочу Евгений Жовтис жол кырсыгы үчүн төрт жылга түрмөгө кесилди. Анын ишин Жовтистин кесиптештери “саясий иш” деп да аташкан.

Хельсинкидеги жыйында Казакстан Freedom House уюму тарабынан дүйнөдөгү “эркин эмес” мамлекеттердин катарына киргизилгени, ЕККУдагы жетекчилиги учурунда аткарам деген иштери жакшы көрүнгөнү менен, өзүндөгү абалды жөнгө сала электиги айтылды. Мунун баарын министр унчукпай угуп отурду.

Министр Саудабаев өзүнө сүйлөгөнгө кезек келгенде Жовтистин ишине дегеле кайрылган жок. Ал алдыдагы бир жылда Казакстан ЕККУнун төрагасы катары эмне иштерди аткараарына токтолду. Уюмга мүчө мамлекеттерде адам аткезчилигине, расизм, улутчулдук жана антисемитизмге каршы күрөшүп, диндер аралык диалогду түзүүгө, маданияттар, цивилизациялар ортосунда мамилени чыңдоого аракет кылаарын айтты. Саудабаев аймакта демократиянын өнүгүшүнө, сөз эркиндигин чыңдоого да сөз берди.

Өзүнүн өлкөсүнө карата айтылган сынга жооп берип жатып, албетте, жогоруда жасала турган иштер алгач Казакстандын өзүнөн башталаарына ишендирди.

“Адам укуктары боюнча талкууларыбыз адамдын фундаменталдык баалуулуктары, дүйнөнүн маданий, цивилизциялык ар түрдүүлүгүнө негизделиши керек деп ойлойбуз”, - деди Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев.

Жыйында америкалык тарап Казакстандын ЕККУнун жетекчиси катары иш-аракеттери Борбор Азиядагы башка мамлекеттерди да демократиялык нукта өнүгүүгө шыктандырат деп билдирди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жаныш каяктан: Ош
04.02.2010 16:11
Мына казактар ОБСЕге торагалык кылып озунун мамлектинин имиджин чыгарып жата дуйного, а биздикилер ОБСЕ эмес кайта орто кылымга айдап, "тезек тергиле" деп жатат. Ушул президенттин сөзүбү? Назарбаев 10 жылда дүйнөдөгү эн бай олкого айланышыбыз керек деп программа менен иштеп жатат. Биздикинин созу томонку.

кимден: Баки каяктан: Баткен
04.02.2010 09:36
Борбордук Азиядагы мамлекеттердин бийлик жетекчилери, демократиялык өзгөруүүнү уруп да ойношпойт, алар үчүн эң негизги байлык болуп акча саналат, акчанын артынан бардык нерселерге барып жатышат, бул бардык президенттерге тиешелүү.

кимден: Исламбек каяктан: Бишкек
03.02.2010 22:06
Казакстан эч кандай демократиялык өзгөрүүлөргө барбайт. Эгер барса,
таза шайлоо өткөрүлсө, анда Назарбаев бийлигинен ажырап калышы мүмкүн. Ошон үчүн Назарбаев казак элин алдаган сыяктуу эле ОБСЕни да алдаганга аракет кылат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)