Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Акыйкатчы отчетун ЖК комитети жактырбады


Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

Парламент комитети бийлик менен көптөн бери тирешип келаткан акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин отчётун жактырган жок.

Депутаттар жылдык маалыматка караганда, акыйкатчынын иш-аракети, мамлекеттик акчаны туура эмес сарптаганы боюнча Эсеп палатасынын берген тактамасын көбүрөөк талкуулашты.

Кыргызстандын акыйкатчысынын 2014-жылга отчёту парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде каралды.

Жылдык маалыматта негизинен жаңы конуштарда жашаган адамдардын укуктары, медициналык жактан кызмат көрсөтүүдөн жабыркагандардын укугу боюнча сунуштар келтирилген. Ошондой эле адилеттүү соттук териштирүүгө болгон укуктар, анын ичинде соттук териштирүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруунун кесепетинен убактылуу кармоочу жайда жүздөгөн жарандар запкы көрүп жатканы да камтылган.

2014-жылы Акыйкатчы институту 72 көңүл буруу актысын каттаган. Анын ичинен 20 чактысы балдарга зомбулук көрсөтүүгө байланыштуу болгон.

Жылдык маалыматтын негизинде адам укуктарын бузгандыгы боюнча 37 мамлекеттик кызматкерге чара көрүү сунушталган.

Деген менен комитет мүчөлөрү жылдык отчет, сунуштарга караганда акыйкатчынын өзүнүн иш-аракетине, мамлекеттик акчанын сарпталышы боюнча Эсеп палатасынын маалымдамасын көбүрөөк талкууга алышты.

- Бакыт мырза, 42 миң сомдук ноутбук алыпсыңар, бирок отчеттордо акча башка нерсеге жумшалды деп жаап салыпсыңар. Эмнеге аны ноутбук алынды деп эле көрсөткөн эмессиңер, - деди депутат Майрамбек Расулов.

Акыйкатчы буга канча ноутбук же калем алуу керектигин эсептеген атайын кызматкерлер барын, чарбалык иштин баарын ийне-жибине чейин эсептеп отурбасын айтып, жооп берди.

Тармактык комитеттин отурумга катышкан мүчөлөрү Бакыт Аманбаевдин парламентарийлер тууралуу айрым маалымат каражаттарына берген комментарийин сынга алып, жылдык отчетту угуу Акыйкатчы институту тарабынан кечиктирилип келгенин белгилешти.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков акыйкатчыны парламентарийлерге жөнү жок сын тагуудан алыс болууга чакырды:

- Акыркы мезгилде негедир сиздин позицияңыз эми Жогорку Кеңеш менен да дал келбей жатат окшойт. Азыр эле мен бир маалымат булагынан окудум. “Депутаттар өз мезгилинде докладды уккусу келбейт. Анан чет жакка чыксаң эле каралай баштайт” деп комментарий берипсиз. Сиз интервью бергенде байкап берип жүрбөйсүзбү. Журналисттерге жем таштабай.

Жыйынтыгында Кыргызстандын акыйкатчысынын 2014-жылга отчётун парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жактырган жок.​

Бакыт Аманбаевдин иши тууралуу бүгүн, 10-июндагы парламенттин жыйынында да сөз болду. Акыйкатчы 2014-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчетун берүүдөн мурда ал Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети анын жылдык докладын угуу учурунда Конституциянын, БУУнун Ассамблеясынын Париж принцибин бузганын белгиледи:

- Комитет аткарылган иштерди канаатандыраарлык эмес деп таап жылдык докладды жактырган жок. Мунун менен мени кызматтан алууну көздөп жаткан болсо, мен өз ыктыярым менен кызматтан кетүүгө даярмын, - деди ал.​

Мыйзам чыгаруу органынын маалыматына караганда, Бакыт Аманбаевдин отчету 14-апрелден бери күн тартибинде турат жана беш жолу башка күнгө калтырылган. Акыйкатчы мунун себеби эки жолу ооруп калганы, бир жолу иш сапар менен сыртка кеткенине байланыштуу экенин билдирүүдө. Парламентте акыйкатчынын отчетун өз убагында бербей Женевага иш сапар менен кетип калышына сындар айтылган болчу.

Ушул жылдын май айынын башында КТРКнын жаңылыктар кызматы Аманбаев 2005-2007-жылдары аталган каналдын рекламалык бөлүмүн жетектеп турганда каржылык мыйзам бузууга барганы кеңири маалымдалган.

Аманбаев муну өзүнө каршы каралоо деп баалаган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG