Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:15

Дүйнө

“Крисмас коркунучун” Обама “Ал-Каидадан” көрдү

АКШнын президенти Барак Обама 25-декабрда Америкага жол алган учакты жардыруу аракетин “Ал-Каида” террор уюму жасаганын алгачкы ирет өткөн ишембиде билдирди.

Текст көлөмү - +
Президент Обаманын апталык радио-видео билдирүүсү Ак Үйдүн интернет баракчасына коюлду. Анда президент АКШга учуп бараткан учакты жардырууга аракет кылган 23 жаштагы Умар Фарук Абдумуталлаб “Ал-Каида” террор уюмунда даярдыктан өткөнүн билдирди. Буга чейин ал террор чабуулун жасаганга дал ушул уюм аракет кылганын Кошмо Штаттардын жогорку деңгээлдеги расмий өкүлдөрү айтышкан эмес.

Нигериялык Абдумуталлаб азыр Америкада түрмөдө отурат. Ал 25-декабрда Амстердамдан АКШнын Детройт шаарына жол алган учакты жардырам деп аракет кылган. Эгер ал учакты жардырууга үлгүргөндө, 278 адам мүрт кетмек.

"Абдумуталлаб азыр жакырчылыктан, козголоңчулуктан жабыр тартып аткан Йеменге барганын билебиз. Ал арап жарым аралындагы “Ал-Каиданын” бөлүмүндө даярдыктан өткөнүн, кийин жардыргыч зат менен камсыздалып, Американын учагын жардырууга тапшырма алганын аныктай алдык", - деди Обама.

Америкалык президенттин айтымында, дүйнөдөгү башкы террор уюмунун Йемендеги бөлүмү Батышка алгачкы ирет чабуул жасап жаткан жок. Алар 2008-жылы Американын Йемендеги элчилигин жардырып, бир адамды өлтүрүшкөнүн, ал жакта мамлекеттик имараттарга, Батыштын мейманкаларына, ресторандарга да кол салышкан.

Ошон үчүн азыр Обама “Ал-Каида” менен күрөшүүгө Йемендин өкмөтүнө көбүрөөк колдоо көрсөтө турганын билдирди.

"Биз Крисмас майрамына чейин деле мунун натыйжасын көргөнбүз. Машыктыруучу жайлар жок кылынып, алардын лидерлери өлтүрүлгөн болчу, көп пландары ишке ашпай калган. Анан Крисмас күнү теракт уюштурам дегендер да билип коюшу керек: Силер да эске алынасыңар", - деп айтты Барак Обама.

Кошмо Штаттарынын өзүндө республикачылдар азыр “Өлкөнү террористтерден коргош үчүн Обама жетиштүү чара көрбөй жатат” деп аны айыптап жатышат. Бул жолку билдирүүсүндө болсо Обама өзү президенттикке келгенден бери анын администрациясы Америка элин коргоодо кандай аракеттерди көрүп жатканына токтолду.

"2001-жылдын 11-сентябрында Америкага жасалган чабуул менен такыр байланышы жок Ирак согушун токтотууга көрүлгөн аракетим, “Ал-Каиданын” тамырын кесип, болгон күчтү Ооганстан менен Пакистанга жумшап жатканым да ушундан болуп жатат, - деди Обама. – Ошон үчүн мен аткарууга мүмкүн болгон ачык миссияга кириштим – “Ал-Каида” эми эч бир мамлекетке кайта албашы үчүн аны жана аны менен байланышы бар экстремисттик топторду жок кылабыз".

25-декабрдагы окуя боюнча президент Обама өзүнүн коопсуздук күчтөрүнө тапшырма берип, кантип эле белине бомба байлаган 23 жаштагы жанкечти Америкага жол алган учакка эркин кире алганын тактоону буйруган. Болгондо да ал жанкечтинин аты коопсуздук күчтөрүнүн “кара тизмесинде” болгон экен. Келерки аптанын башында президент бул суроолор боюнча иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары менен таанышат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)