Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Түндүк Корея той-ашка тыюу салды


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.

Түндүк Корея коммунисттик бийлиги өз жарандарына үйлөнүү той жана башка салтанаттарды, атүгүл сөөк коюу жөрөлгөлөрүн өткөрүүгө убактылуу тыюу салды.

Түштүк Кореянын маалымат каражаттары ишенимдүү булактарына таянып маалымдаганына караганда, мындай кескин чектөөлөр Түндүк Кореяда Эмгек партиясынын жетинчи курултайын өткөрүү алдында күчөтүлгөн коопсуздуктан улам киргизилди.

Съезд үстүбүздөгү жылдын 6-майында өтөт.

2-майда Пхеньян өз жарандарына үйлөнүү той, башка салтанаттарды, атүгүл маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүн өткөрүүгө убактылуу тыюу салды. Yonhap агенттигинин кабарына караганда, курултайды утурлай баш калаага кирүү чектелип, Кытай менен чек арада көзөмөл күчөтүлдү.

Түштүк Кореянын Хайнань университетинин магистранты Нурсултан Алтыбаев Түндүк Кореянын мындай чечими түштүк кореялыктар үчүн кадыресе нерседей кабылданганын айтты:

- Негизи компартиянын съезди алдында элдин көп чогулуусуна, аш-тойлорду же майрамдык салтанаттарды өткөрүүсүнө тыюу салганын бул жакта кадыресе эле көрүнүш катары кабыл алып жатышат. Анткени бул съезд өлкөнүн негизги экономикалык-саясий багытын аныктаган чоң иш-чара болуп саналат. Бийлик, албетте, мындай чоң жыйын алдында тополоң, ызы-чуу болуп кетишин каалабайт.

Бул курултай Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын 36 жылдан берки алгачкы жыйыны. Анда өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары кабыл алынат. Акыркы ирет партиянын чоң жыйыны 1980-жылы өткөн. Негизи уставга ылайык, съезд ар бир беш жылда өтүп турушу керек эле. Бирок белгисиз себептерден улам Пхеньянда курултай ордуна отчеттук конференциялар өткөрүлүп келген.

Түндүк Корея боюнча адис Майкл Мадден Би-Би-Сиге берген маегинде жыйында партиянын борбордук органдарына жаңы адамдар дайындалып, алардын милдеттенмелери бөлүштүрүлөрүн айтат. Андан тышкары жыйында делегаттар партиянын уставына өзгөртүү киргизе алат. Курултайдын ачылышында Корея эмгек партиясынын төрагасы Ким Чен Ын доклад окуйт. Андан соң Ын партиянын төрагалыгына расмий түрдө шайланып, аны даңазалаган сөздөр айтылат.

Ким Чен Ын бийликке 2011-жылы келген.
Ким Чен Ын бийликке 2011-жылы келген.

Съездге өлкөнүн булуң-бурчундагы бардык шаар-аймактардагы делегаттар шайланып келет.

1980-жылдан бери эми өтүп жаткан курултай 2011-жылы азыркы лидердин атасы Ким Ир Чен көз жумгандан кийин бийликке келген Ындын саясий турмушундагы алгачкы курултай.

Бир кезде Түндүк Кореядан Сеулга баш калка издеп чыккан 66 жаштагы саясий качкын Ким Санг Вун Yonhap агенттигине курган маегинде 1980-жылы өткөн курултайга катышканын эскерген. Анда жыйынга келгендердин баары тыкыр медициналык текшерүүдөн өтүшкөн. Анткени бийлик Ким Ир Чен съездге катышкан аскерлер менен кол алышып учурашып жатканда кандайдыр бир бактерия жуктуруп алат деп чочулаган.

Ким Санг Вун социалдык макамы төмөн аскерлердин арасында курултайга катышууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн оорулуу тырмактарын орду-түбү менен жулуп салгандар болгонун айтат.

Кыргызстандык магистрант Нурсултан Алтыбаев дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн сабында турган Түштүк Кореянын эли түндүктөгүлөр тууралуу эки башка көз карашта экенин байкаганын айтты:

- Бул жакта эки катмарды алып карасак болот. Бири ата-энелери ошол согушту көрүп калган, жаш курагы бир кыйлага барып калган адамдар, ал эми экинчиси отуздун тегерегиндеги жаштар. Жаштар негизинен Түндүк Корея менен көп деле иштери жок. Тескерисинче, өз жашоосу абдан жакшы болгондуктан, Түндүк Корея менен кошулуунун кереги жок деп ойлошот. Жөн эле ашыкча түйшүк болот деп эки Кореянын биригүүсүн туура көрүшпөйт. Ал эми орто жашка барып калгандар бир элбиз, биздин ата-энелерибиз бир тууган, биригишибиз керек деген көз карашта.

Коммунисттик партиянын кезектеги курултайы Түндүк Кореянын эл аралык санкцияларга карабай утур-утур баллистикалык ракеталарды учуруп жаткан маалга туш келди.

Өткөн жумада Пхеньян акыркы айларда бир нече жолу өткөргөн ядролук сыноолорун АКШ жыл сайын Түштүк Кореяда өткөрүүчү аскерий машыгууларынан баш тартса токтоторун билдирген. Бул тууралуу Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Су Ен Ассошиеэйтед Пресс агенттигине айткан.

Ли ошондой эле лидери Ким Чен Ындын сөзүн кайталап, Батыш аларды санкциялар менен коркута албасын бышыктаган.

Мурдарак Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги Түндүк Корея бир нече ирет баллистикалык ракеталарды учурганын маалымдаган.

Түндүк Кореянын аскерлери 28-апрелде 24 саатта эки жолу “Мусудан” үлгүсүндөгү орто аралыкта учуучу баллистикалык ракетаны койо берип, бирок экөө тең мерчемделген жерге жеткен эмес. Reuters кабарлагандай, бул сындуу ракеталар үч миң чакырым аралыкка учууга кудуреттүү.

Түндүк Кореянын майнапсыз аракетине карабай, БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга санкциялар киргизилерин эскерткен.

Түндүк Корея ядролук куралдарын 2006, 2009, 2013-жылдары сынаган. Акыркы жолу ушул жылдын январь айында Пхеньян суутек бомбасын сынай турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG