Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Калиев: Быйыл электр тарифи боюнча саясат өзгөрбөйт


Иллюстрация
Иллюстрация

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясы боюнча тариф саясаты өзгөрбөйт. Бул тууралуу бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев билдирди:

- Быйылкы жылга тариф саясаты өзгөрбөйт. Ошондой чечим кабыл алынган. Компаниялардын баарына ушундай тапшырма берилген. Бирок орто мөөнөттүк тарифтик саясат деген болуш керек. Же өсөт, же азаят, кандай жол менен барабыз дегенди пландаштыруу үчүн керек.

Бүгүн Жогорку Кеңеште энергетика тармагын реформалоо боюнча өкмөттүн токтому талкууланууда.

Айрым депутаттар электр энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү жана жеткирүү ишканаларын башкарууну бириктирүү максатында түзүлгөн Энергохолдингдин мыйзамдуу негизи жок экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG