Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

“Кыял” тасмасы дүйнөлүк Webby Awards cыйлыгын алды


Сыйлык тапшыруу аземи.
Сыйлык тапшыруу аземи.

Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү. Ага "Азаттыктын" “Кыял” тасмасынын каарманы Нургазы Жакшылыкбек уулу, тасманын автору Уланбек Эгизбаев жана демөөрчү катары барган “Элим, барсыңбы” фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов катышты.

Нургазы Жакшылыкбек уулу тартылган “Кыял” тасмасында Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну, тубаса майып Нургазынын тагдыры сүрөттөлгөн. Ал айыл жеринде мектепке араба менен кыйналып жеткени, жакшы билим алгысы келгени тууралуу кыялдарын айтып, бул тасма коомчулукка жарыялангандан кийин "Элим барсыңбы?"
коомдук фондунун ыктыярчылары ага квадроцикл белекке беришкен. Нургазынын кыялы бир эле кыргызстандыктарды эмес, бүтүндөй дүйнөнү кайдыгер калтырбай ​эл аралык Webby Awards, башкача айтканда, Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип алды. (NT)

XS
SM
MD
LG