Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Иракта ИМ тобунун жолбашчыларынын бири өлтүрүлдү


АКШ баштаган коалициянын аба соккусунда жок кылынган Абу Вахиб. 2014-жылы 8-январда тараган видеодон алынган сүрөт.
АКШ баштаган коалициянын аба соккусунда жок кылынган Абу Вахиб. 2014-жылы 8-январда тараган видеодон алынган сүрөт.

Пентагондун өкүлү билдиргендей, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Ирактын Анбар провинциясындагы жолбашчысы Абу Вахиб АКШ баштаган коалициянын аба соккусу учурунда жок кылынды.

Аба соккусу 6-май күнү Абу Вахиб жана башка дагы үч адам автоунаа менен бара жаткан кезде жасалган.

Пентагондун өкүлү Петер Куктун айтуусунда, Абу Вахиб мурда “аль-Каиданын” катарында турган жана “Ислам мамлекети” тобуна колго түшкөндөр өлтүрүлгөнү тартылган видеолордо чыккан болчу.

Абу Вахиб бутага алынганы тууралуу кабарлар мурдагы да тараган, бирок ал өлтүрүлгөнүн Пентагон биринчи ирет ырастады.

АКШ баштаган эл аралык коалиция Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун буталарына аба соккуларын 2014-жылдан бери жасоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG