Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Өзбекстан пайдаланган 12 объект Кыргызстанга толугу менен кайтарылды


Сугат канал.
Сугат канал.

Өкмөттүн буйругунун негизинде Өзбекстан пайдаланып келген 12 объект толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Анын маалыматы боюнча, учурда чек арага жакын жайгашкан төрт объектти жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты өткөрүп алуу боюнча иш жүрүп жатат.

Буга чейин өкмөт буйругунун негизинде Өзбекстан пайдаланып келген 16 объектти жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты мамлекеттин менчигине өткөрүп алуу боюнча буйрук чыгарган.

Алар Жалал-Абад облусу боюнча Ала-Букадагы "Орто-Токой" суу сактагычы, Аксыдагы Чоң Наманган каналы (12,9 км), "Чуст" каналы (14,5 км), Ноокендеги “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы (43,1 км). Баткен облусу боюнча Сох-Шаймерден каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км) жана №1 Фергана автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, №4 “Фергананефть” автобазасы, Кадамжайдагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери. Ош облусу боюнча Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал жана Кара-Суудагы Савай каналы (28 км).

Ошондой эле ““Рохат-НБУ”, “Золотые пески”, “Бустон” жана “Дилором” пансионаттарын өткөрүү чечими кабыл алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG