Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Орусиянын Биринчи каналынан Айчүрөк тууралуу берүү чыкты


13 жаштагы Айчүрөктүн тагдыры тууралуу көрсөтүү Орусиянын мамлекеттик Биринчи каналында 29-апрелде көрүүчүлөргө тартууланды. «Мужское/женское» программасы даярдаган телеберүү “Уурдалган балалык” деп аталат. Ага Айчүрөктүн тагдырын элге жеткирген "Азаттыктын" кабарчысы Сабыр Абдумомунов жана өспүрүмдүн үй-бүлөсү катышты. Талкууга катышкандарды өспүрүмдүн турмушу таң калтырып, алар үй-бүлөгө жардам бере турган болушту.

Майып апасын инисине кошуп баккан Айчүрөк тууралуу “Азаттыктын” макаласы 21-февралда жарыяланган. Бул үй-бүлөнүн абалы Кыргызстанга эле эмес, чет мамлекеттерде да кызуу талкууга түшүп, аларга жардам берүүнү каалагандар көбөйгөн. Буга байланыштуу Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманованын атына банкта атайын эсеп ачылып, кийинчерээк демөөрчүлөрдүн көмөгү менен үй-бүлө бардык шарты бар батирге көчүрүлгөн. Президент Алмазбек Атамбаев кызга 50 миң сом жана китеп белек кылган. (NT)

XS
SM
MD
LG