Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Жол кырсыгынан мерт болгондор боюнча Кыргызстан 53 өлкөнүн ичинен 2-орунда


Бишкек - Нарын автожолундагы кырсыктын кесепети
Бишкек - Нарын автожолундагы кырсыктын кесепети

Кыргызстан жол кырсыгынан мерт болгон жарандарынын саны боюнча эң жогорку көрсөткүчтөгү өлкөлөрдүн катарында. “Жарандык демилгелер” уюмунан кабарлашкандай, Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт жакында жол коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүздү.

Анын жыйынтыгында Кыргызстан Европа жана мурдагы советтик 53 мамлекеттин арасынан адам өмүрү кыйылган, ден соолугуна залака тийген жол кырсыктарынын саны боюнча экинчи орунда турары аныкталды.

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына караганда, 2004-2013-жылдары, тагыраак айтканда 10 жыл ичинде дээрлик 10 миң адам өмүрүнөн ажырап, 62 миңи жараат алган. (RK)

XS
SM
MD
LG