Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

ЕАЭБ талабына жооп берген лаборатория куруунун каржы булагы аныктала элек


Кыргызстан фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды куруу үчүн керектеле турган каржы булагын аныктай элек. Кечээ өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулганыбыздан бери дээрлик бир жыл өткөнүн, бирок лаборатория куруу иши дагы эле баштала электигин айтты.

“Адистердин эсептөөсүнө караганда, жаңы фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория куруу үчүн 100-120 миллион сом талап кылынат экен. Биз бул каражатты таап, курулуш иштерин быйылтан калтырбай башташыбыз керек” деди өкмөт башчы.

Курамына Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан былтыр жайында кошулган.

Уюмдун ичиндеги мамлекеттер ортосунда бажы көзөмөлү жок. Бирок жаңы ачылган бул ири рынокко чыгуу үчүн кыргызстандык товар өндүрүүчүлөрдүн, негизинен сүт жана эт азыктарын чыгарган ишканалардын продукциясы ЕАЭБ шарттарына ылайык келген лабораториялык сертификациядан өтүшү керек. (RK)

XS
SM
MD
LG