Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

“Бир дүйнө-Кыргызстан" парламентти "тыңчы" тууралуу мыйзам долбоорун четке кагууга чакырууда


Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.
Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылы бейөкмөт уюмдарды "чет элдик тыңчы" катары таануу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун парламентте экинчи окууда кабыл алынышын сынга алды. Аталган уюмдун Жогорку Кеңешке жолдогон ачык кайрылуусунда бейөкмөт уюмдарды “чет элдик тыңчы” катары таануу тууралуу мыйзам эл аралык укуктук эрежелерге каршы келери эске салынган. Ошондой эле бул мыйзамдын кабыл алынышы Кыргызстанга олуттуу экономикалык зыян алып келери иликтенип чыкканы айтылат. Анын экинчи окууда жактырылганы мыйзамсыз болгону, Кыргызстандын Баш мыйзамынын эрежелери бузулганы, Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзам аткарылбаганы, сунушталып жаткан документте аны каржылоо булактары ачык көрсөтүлбөгөнүнө нааразылык жазылган. Буга байланыштуу “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылы аталган мыйзамды четке кагууга эл өкүлдөрүн чакырды.

Жогорку Кеңеш депутаттары “Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү 14-апрелде экинчи окууда кабыл алган эле. Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "тыңчы" деп атап, көзөмөлдү күчөтүү маселеси камтылган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев сунуштаган.

Эреже боюнча мыйзам парламентте үч окууда кабыл алынгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. (NT)

XS
SM
MD
LG