Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Сооронбай Жээнбеков: Малабаев кызматтан кетиши керек


Сариев менен Малабаев Баткендеги стратегиялык жол курулушу менен таанышуу учурунда. 26-январь, 2016-жыл.
Сариев менен Малабаев Баткендеги стратегиялык жол курулушу менен таанышуу учурунда. 26-январь, 2016-жыл.

Транспорт жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Аргынбек Малабаев кызматтан кетиши керек. Мындай пикирин бүгүн “Республика – Ата-Журт” фракциясынын жыйынында премьер-министрлик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков билдирди. Эл өкүлү Экмат Байпакбаевдин суроосуна жооп кылып өкмөт башчыга талапкер:

- Малабаев боюнча коалиция чечим кабыл алат. Мен алдын ала мындай болот деп айта албайм. Бирок жеке пикиримди айта турган болсом, министр Малабаев кызматтан кетиши керек – деп айтты.

Буга чейин транспорт жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Аргынбек Малабаев Балыкчы-Корумду жана “Манас” аэропортунун жолу боюнча тендердеги мыйзам бузууларга премьер-министр Темир Cариевдин тиешеси бар экенин ырастаган.

11-мартта Темир Сариев кызматтан кетип жатып жол чырынан улам Аргынбек Малабаевге ишеним артпастыгын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG