Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Уезбаев: тендерде уткан компанияга Малабаев өзү макулдук берген


Аргынбек Малабаев менен Темир Сариев Баткенде.
Аргынбек Малабаев менен Темир Сариев Баткенде.

Транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев Малабаевдин айткандарын жокко чыгарды. Ал “Азаттыкка” курган маегинде дээрлик 7 млрд. сомго бааланган Балыкчы – Корумду жолун курууга кытайлык “Лонг Хай” компаниясына Аргынбек Малабаев өзү макулдук бергенин билдирди.

- Малабаевдин мени жана премьер-министр Темир Сариевди күнөөлөгөнү туура эмес. Ал министр катары тендерде уткан компанияга өзү макулдук берген. Ал ошол учурда иш сапарда болчумун деп жалган айтып жатат. Малабаев тендер өткөндө Кыргызстанда болчу жана өткөрүлгөн тендерге өзү кол койгон, - деди Уезбаев.

Бүгүн Малабаев депутаттарга түшүндүрмө берип жатып тендерде уткан компанияда премьер-министр Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун, анын пайдасын көздөгөн иштерди орун басары Улан Уезбаев бүтүргөнүн айткан.

104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан. Буга чейин “Азаттык” аталган жолдун курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча “Жолдон жонулган жашылдар” аттуу иликтөө даярдаган болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG