Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Тоолуу Карабакта армян жана азербайжан аскерлеринин кагылышуусу башталды


Тоолуу Карабак
Тоолуу Карабак

Армениянын Коргоо министрлигинин маалымдоосу боюнча, 2-апрелге оогон түнү Азербайжан аскерлери Тоолуу Карабак аймагында чабуул баштады. Анда Азербайжан армиясы бронетехника, оор артиллерия жана аба күчтөрү менен сокку урууда. Армян тарап жооп кайтарып, бир азербайжан тик учагы жок кылынганы кабарланды.

Расмий Баку бул маалыматтарды четке кагып, армян тараптын козутуусу деп атоодо. Азербайжан Коргонуу министрлигинин эсеби боюнча, 2-апрель түнү армян тарап 127 ирет чек ара тартибин бузуп, ок чыгарган. Талкаланаган тик учак тууралуу кабар да жалган дейт Азербайжандын Коргонуу министрлиги.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабак боюнча кагылышуу 1988-жылы башталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG