Ушул күндөрү Бишкек шаарында жолбун иттерди атуу жана көчөлөрдөгү ит-мышыктын өлүгүн тазалоо жүрүп жатат. Учурда Бишкектин атайын санитардык чуңкуруна 4530 ит-мышыктын сөөгү көмүлдү. Бул тууралуу шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынан билдиришти.
2016-жылдын башынан бери ит атуу өтүнүчү менен шаар тургундарынан отуз сегиз арыз келип түшкөн. Шаардагы топтошкон жолбун иттер жөнүндө 185 кызматына чалып, арыз таштоого болот. (TSh)