Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Мамлекеттик ипотека боюнча турак жай бериле баштады


Бишкек
Бишкек

Ушул тапта 185 киши мамлекеттик ипотека боюнча турак жай алып жатат. Өкмөттөн маалымдашкандай, мамлекеттик ипотека компаниясына 300 миллион сом бөлүнүп берилди.

Алгачкылардан болуп ипотекалык турак жай алуу укугу бюджеттик кызматкерлерге берилүүдө. Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик ипотека жолу менен турак жай алууну каалоочулар көп болууда. Буга байланыштуу атайын мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия ар бир кайрылган жарандардын арызын карап чыгат, эгер үй-бүлөдө бир эле адам туруктуу тигил же бул мекемеде иштеп, калган мүчөлөрү утурумдук жерде иштесе үйгө ээ боло алышпайт. Анткени мамлекеттик ипотека өтө жакыр жана туруксуз иште эмгектенгендерге колдоо көрсөтө албайт.

Өкмөт турак жай салууга жана сатып алууга арзан кредит бөлүүнүн моделин иштеп чыгып беш миллиарддан ашуун акча бөлгөн. Быйыл ал үйлөрдөн эки миң үй-бүлө мамлекеттик ипотекалык кредит аркылуу ала алышары айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG