Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Оппозициянын жашыруун сүйлөшүүсүнө катышты дегендердин бирине издөө жарыяланды


Оппозициянын бийликти басып алуу тууралуу жашыруун сүйлөшүүсүнө катышты деп УКМК шек санап жаткан жаран Дуулатбек Турдуналиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, учурда Турдуналиев каякта экени белгисиз болууда.

22-мартта интернетте "бийликти алууну жана бөлүштүрүүнү" талкуулаган деген айрым адамдардын сүйлөшүүсү чыккан. УКМК бул тасма мурда козголгон кылмыш иштин жана расмий санкциянын негизинде жаздырылган аудио менен дал келерин айткан. Бүгүн ушул сыяктуу тасманын дагы бири чыкты.

Ошол тасмаларда айтылган сөзгө байланыштуу оппозиция өкүлдөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбеков кармалып эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. (RK)

XS
SM
MD
LG