Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Ошто акындардын театрлашкан айтышы болуп өттү


Оштогу акындардын айтышы.
Оштогу акындардын айтышы.

Ошто «Акындар падышасы» аттуу акындардын театралдашкан айтышы болуп өттү. «Нооруз» майрамына карата уюштурулган акындардын эл аралык айтышына Кытай, Казакстан жана Кыргызстандан тандалган сегиз төкмө акын катышты.

Алар кыргыз тарыхындагы белгилүү баатырлардын жана мифологиялык каармандардын образында үч күн айтышты.

Натыйжада биринчи орунду Шекербек Адылов (Кыргызстан), экинчи орунду Баян Акматов (Кыргызстан), үчүнчүнү Самара Каримова (Кыргызстан) жана төртүнчү орунду Айдана Кайсарбек кызы (Казакстан) жеңип алышты.

Оштогу Султан Ибраимов атындагы драма театрында өткөн иш-чарага СССРдин эл артисти Болот Шамшиев режиссердук кылды.

Театралдаштырылган формадагы айтыш Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG