Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Искандаров: өзбек бийлиги Кыргызстанга өткөн объекттерге нааразы


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Өзбек чек арачыларынын такталбаган тилкеге аскер техникасы менен кирип келиши Кыргызстандын менчигине өткөн бир катар объекттерге байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай оюн өкмөттүн Чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы 1991-жылкы келишимге ылайык, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жайгашкан бир катар объекттер өткөн жылдан бери Кыргызстандын карамагына өткөрүлүп баштаган. Өкмөттүн токтомунун негизинде Өзбекстандан Кыргызстандын толук ээлигине өткөн объекттер төмөнкүлөр:

Жалал-Абад облусу боюнча Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы, Чоң наманган каналы (12,9 км), Чуст каналы (14,5 км), Ноокен районундагы “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы (43,1 км).

Баткен облусу боюнча Сох-Шахимардан каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км) жана №1 Фергана транспорттук техникаларды башкаруу автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, №4 “Фергананефть” автобазасы, Кадамжай районундагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери.

Ош облусу боюнча Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал, Савай каналы (28 км).

18-марттын таңында Жалал-Абад облусундагы Кербен-Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачысы кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол аймакка кирет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкентке наарызылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп боло элек. Өзбекстандын коопсуздук кызматы кечээ бул аракетин Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө иши менен байланыштырганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG