Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Тарых жана маданият жылына 1,8 миллиард сом бөлүнөт


Көчмөндөр оюндары.
Көчмөндөр оюндары.

Тарых жана маданият жылын, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө ушунча акча сарпталарын бүгүнкү өкмөттүн ыкчам жыйынында каржы министри Адылбек Касмалиев билдирди.

Өкмөт бышчы Темир Сариев Тарых жана маданият жылын белгилөөнүн алкагында уюштурула турган иш-чаралардын маанилүү экендигин белгилеп, бюджеттен бөлүнгөн акчаларды натыйжалуу пайдаланылыш зарылдыгын билдирди.

Президенттин жарлыгы менен 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп белгиленген. Анын алкагында Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кыргыз АССРнин түзүлгөнүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРринин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгы жана ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы уюштурулат. (AzK)

XS
SM
MD
LG