Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Иран баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрдү


Иран өкмөтү аскерий күчтөр мамлекет аймагында жайгашкан бир канча станцияларда баллистикалык ракеталарды аскерий машыгуу катары сыноодон өткөргөнүн маалымдады.

ИСНА агенттиги тараткан кабарга ылайык, Ыңкылап гвардиясынын бул машыгуулары “Ирандын ар кандай соккуларга тиешелүү жооп берүүгө күчү жетерин далилдөө” максатында уюштурулган.

Быйыл январда АКШ Иранда баллистикалык ракеталар программасына тиешеси бар 11 уюмга жана кызмат адамдарына жаңы санкцияларды киргизген. Андан мурдараак Тегеран ядролук программа кризисин жайгаруу келишимин түзүп, Вашингтон Иранга буга чейин жарыяланган санкциялардын негизги бөлүгүн алып салган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG