Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Москва: Чубак ажы менен Абдышүкүр ажынын жыйынына 15 миңдей эл келди


Москвадагы борбордук мечит. 14-февраль, 2016-жыл.
Москвадагы борбордук мечит. 14-февраль, 2016-жыл.

Москвада 14-февраль күнү кыргызстандык диний ишмерлер Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нарматовдун эл менен жолугушуусуна 15 миңдей адам келди. Алардын баары Орусияда иштеп жүргөн мигранттар.

Жыйын Орусия баш калаасында былтыр жаңы ачылган 10 миң кишилик борбордук мечитте өттү. Интернеттеги фотосүрөттөрдө жана видеотасмаларда мечитке эл батпай, тосмолорго чыгып дин аалымдарынын сөздөрүн уккандарды көрүүгө болот.

Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нарматов мекендештер менен жолугушуу үчүн барган. Аларды Кыргызстан мусулмандарын дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгү чакырган. (LzT)

XS
SM
MD
LG