Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Туризмди өнүктүрүүгө 50 миллион сом суралууда


Чет элдик туристтер Кыргызстандын Чоң-Алай аймагында.
Чет элдик туристтер Кыргызстандын Чоң-Алай аймагында.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөгө туристтерди тартуу үчүн мамлекеттен 50 миллион сом сурап жатат. Бул акча жарнамалык иштерге жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жумшалмакчы. Министр Алтынбек Максүтов “Азаттыкка” билдиргендей, алгач 200 миллион сом алуу пландалган, кийинчерээк сумма 50 миллион сомго өзгөртүлгөн:

- Азыр туризм тармагын өнүктүрүүгө бюджеттен 7 миллион сом бөлүнөт. Анын жарымы айлык акыга жумшалат. Калганы уюштуруу иштерине кетет. Бул жетишсиз болууда.

Министрлик туризмди өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан жаңы концепцияны 26-февралда өкмөткө сунуштайт. Андан сырткары министрлик азыр туристтерди тартуу үчүн интернетте атайын портал даярдап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG