Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Эки жолу соттолгон аким кызматтан алынды


Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбеков кызматынан алынды. Буга байланыштуу буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду. Буга чейин Башкы прокуратура Жусупбековдун эки жолу соттолгонун белгилеп, аны кызматтан алууну сунуштаган.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” мыйзамга ылайык, мурда соттолгон жаран аким болуп иштей албайт.

Жергиликтүү кеңеш 2014-жылы үч талапкердин ичинен Нурбек Жусупбековду Кочкордун акими кылып шайлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG