Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Ажатканага ташталган ымыркайдын энеси табылды


Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарчасында көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы дааратканасынан табылган ымыркайдын энеси колго түштү. Ал 23 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталды. Кылмышка шектүү келин бир баласы менен ажырашкандан кийин, экинчи уулун төрөп, андан баш тартууга аргасыз болгонун милицияга айтып берген.

Облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, азыр эне-бала экөө тең дарыгерлердин көзөмөлүндө. Милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Токтогулдагы №54 үйдүн жанындагы ажаткананын түбүнөн жаңы төрөлгөн ымыркай 27-январдын кечинде табылган. Куткаруучулар аны тирүү алып чыгышкан. Ымыркай тууралуу маалыматты 112 кызматына жергиликтүү тургундардын бири кабарлаган. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG