Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Кыргызстанда 20 жылда ВИЧ\СПИДден 1343 адам каза болду


Дүйнө жүзүндө 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнү катары белгиленет.
Дүйнө жүзүндө 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнү катары белгиленет.

Кыргызстанда соңку 20 жылда 1343 киши ВИЧ\СПИДден каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова билдирди.

Кыргызстанда аталган илдетти жуктуруп алган биринчи адам 1996-жылы катталган. 2016-жылдын январь айына карата 6110 адам бул илдетке чалдыкканы расмий аныкталды. Каза тапкан 1343 адам да ушул сандын ичине кирет. Ушул тапта дарттын акыркы стадиясы - СПИД менен жабыркап жаткандар 416 киши.

Оорусу аныкталгандардын 4061и эркектер, 2049у аялдар. Балдардын саны – 554.

ВИЧ жуктургандардын 51 пайыздан ашуунун маңзат колдонуучулар. Калгандары жыныстык жол жана дарыгерлердин шалаакылыгы менен ооруга кириптер болушкан.

Адистер ооруга чалдыккандар бейрасмий мындан да көп экенин белгилешет. (SE)

XS
SM
MD
LG