Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Панкратов: Сомдун курсун кармоо аракети жок


Улуттук банк сомдун курсун кармоого аракеттенген жок, доллардын кескин өсүп кетүүсүнүн алдын алууда деп билдирди вице-премьер-министр Олег Панкратов журналисттерге.

Панкратов өткөн жылы сом 30% арзандап кеткенин мигранттардан келген акчанын азайышы менен байланыштырды. Ал Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери мигранттарга Орусия, Казакстанда жакшы шарттар түзүлгөнүн белгилеп, алар өзбек, тажик мигранттарына караганда жакшы, айлык акысы көп иштерде иштеп жатканын айтты. Вице-премьер-министр быйыл мигранттардан келе турган акчанын өлчөмү көбөйөт деген үмүттө. Ошондой эле ал Кыргызстанга сырттан чет элдик валюталар кирчү булактар бар деп бекемдеди.

Олег Панкратовдун пикири боюнча, кимдир бирөөлөрдүн доллар дагы кымбаттайт деп айың таратып, валюта базарында атайын кылып жаткан дүрбөлөңүн Улуттук банк тынчытууга аракет кылууда.

Ушул тапта 1 АКШ доллары 76 сомдун айланасында сатылууда. Улуттук банк январь айында 13 жолу интервенция жасап, 48,45 миллион долларды базарга чыгарды. Акыркы жолу интервенция 21-январь күнү 3 миллион 750 миң доллар өлчөмүндө жасалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG