Бул тууралуу “Centerra Gold Inc.” компаниясынын Директорлор кеңешинин Кыргызстан тараптан мүчөсү Кылычбек Шакиров 12-январда билдирди.
Анын маалыматы боюнча, “Центерранын” өкүлдөрү келерки жуманын башында Бишкекке келип, Кумтөр маселеси боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүргүзө баштайт.
Премьер-министр Темир Сариев өкмөт "Кумтөр" боюнча буга чейин жүргүзүлүп келген сүйлөшүүлөрдөн чыгып, жаңы сүйлөшүүлөрдү баштарын өткөн жылдын соңунда парламентте билдирген. (AiT)