Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Террорчуларга карата кылмыш мөөнөтү эскирбейт


Мыйзам автору Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.
Мыйзам автору Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев террорчу экени аныкталган жарандарга кылмыштын мөөнөтү эскирип кетишин алып салууну караган мыйзам долбоор иштеп чыкты. Эл өкүлү аны коомдук талкууга алып чыгууну сунуштоодо. Бул тууралуу Иманалиев “Азаттыкка” ырастады. Мыйзам долбоорго ылайык, терроризм беренеси менен кылмыш иши козголгон жана террористтерди каржылаган, жаранды барымтага алган жарандар үчүн кылмыштын эскирүү мөөнөтүн алып салуу каралган.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, терроризм өтө оор кылмыштардын катарына кирет. Анын эскирүү мөөнөтү 10 жыл деп белгиленген.

Буга чейин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Тазабек Икрамов Сирияга согуштук аракеттерге катышуу үчүн кеткендердин кайтып келүүсүн күтпөй эле Кыргызстан жарандыгынан ажыратууну сунуштаган. Өткөн жылдын соңунда президент Алмазбек Атамбаев согуштук аракеттерге катышууга кеткендер ошол жактан жок болсо жакшы болмок деген пикирин билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, Сирия, Ирак жана Ооганстандагы террористтик уюмдардын катарында 500дөй кыргызстандык бар. Алардын 24% жакынын аялдар, 15 % ашуунун өспүрүмдөр түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG