Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Акыйкатчылыкка шайлоого 36 талапкерден сегизи катышат


Жогорку Кенеште омбудсмен шайлоо 30-декабрда өтөт.
Жогорку Кенеште омбудсмен шайлоо 30-декабрда өтөт.

Кыргызстандын акыйкатчысынын кызматына арыз берген 36 талапкердин ичинен парламенттеги фракциялар сегизин тандады. “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги өз булагы кабарлагандай, 29-декабрда Конституциялык түзүлүш жана сот реформасы комитети талапкерлердин программасы менен таанышат жана шайлоону 30-декабрда өткөрүү пландалууда.

Маалыматка ылайык, КСДП факциясы Кубат Оторбаевди, “Республика-Ата-Журт” Рита Карасартованы, "Кыргызстан" фракциясы Нуркамил Мадалиевди, “Ата мекен” Мавлян Аскарбеков менен Толкун Исаевди, “Бир бол” фракциясы Абдыжапар Бегматовду, “Өнүгүү-Прогесс” болсо Алишер Мамасалиев менен Камил Абдрашитовдун талапкерлигин өлкөнүн башкы укук коргоочусуна көрсөттү.

10-декабрда өткөн шайлоодо фракциялар сегиз талапкерди сунуштап, үч айлампа менен добуш берүүдө алардын эч кимиси жетиштүү добуш алган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG