Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Атамбаев: Орунбековду эч качан кечирбейм


Дайыр Орунбеков
Дайыр Орунбеков

Бул тууралуу жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтуусунда, айрым журналисттер өзүнүн чыныгы миссиясынан четтеп, ушак-айыңды жазышууда.

“Ошол эле ири суммага айыпка жыгылган Орунбековду алалы. Ал мен тууралуу беш жылдан бери калпты жазып келатат. Мени Ош окуясын уюштурду деп айыптады. Бул болбогон кеп, ушак. Мен мындан жадап, акыры сотко бердим. Аны эч качан кечирбейм. Эгер мен жөнүндө ушак жаза берүүсүн улантса дагы сотко берем. Эми айыбын тартып, айыппулун төлөй берсин. Ал кимге иштесе ошолор ага жардам берсин”, деди Атамбаев.

“Маалымат.кж” сайтынын жетекчиси, журналист Дайырбек Орунбеков сот тарабынан Атамбаевди каралап жазды деп табылып, 2 млн. сомго айыпка жыгылган. Орунбеков өзүн күнөөсүз деп эсептеп келет. (МТо/KE)

XS
SM
MD
LG