Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Бишкекте жаңы “Кыргызстан” телеканалы иштей баштады


Буга чейин Нарында обого чыгып жүргөн “Шанхай” телеканалы атын өзгөртүп, “Кыргызстан” деген аталышта иштей баштады. Каналдын баш кеңсеси Бишкекке которулуп, баш калаа менен Чүй облусуна санарипте көрсөтүлүүдө. Кийинки жылдан тарта бүт өлкөгө чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” телеканалдын башкы директору Кубат Оторбаев билдирип, өзү мүчө болгон “Кыргызстан” партиясы менен телеканалдын байланышы жок экенин айтты:

- Телеканалга өлкөбүздүн аталышын бердик. Партияга тиешеси жок. Каналдын үч ээси бар. Бири – мен. Калган эки кишинин ким экенин азырынча айта албайм.

Коомдук-саясий багыттагы телеканал азыр күнүгө 17 саат обого чыгып, жаңылыктар жана фильмдер көрсөтүлүүдө.

Кубат Оторбаев буга чейин “Азаттык” радиосунун Бишкектеги кеңсесин жана Коомдук биринчи каналды башкарган. (SE)

XS
SM
MD
LG