Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Кыргызстанда сомдун курсу төмөндөөдө


Шейшемби күнү акча алмаштыруу жайларында бир доллардын сатуудагы баасы 74 сом 50 тыйынга чыкты. Өкмөт башчы Темир Сариев улуттук валюта сомдун курсу качан турукташат деген “Азаттыктын” суроосуна мындай жооп берди:

-Улуттук валюта сомдун курсу бизде эркин калыптанат. Биз аны күчтүү кармап турууга кубатыбыз да жетпейт, экономикабыз да жетпейт. Улуттук валютаны кармаш үчүн экономиканын өзүнүн мыйзамдары бар. Ошого ылайыкташыбыз керек.

Темир Сариев интервенция жасоо жолу менен сомдун курсун кармап калуунун келечеги жок экенин айтып, сомдун курсу кескин эмес, акырындык менен өзгөрүп жатканын белгиледи.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 24-ноябрда маалымат каражаттарына берген маегинде бир доллардын баасы 100 сомго чыгат деген сөздөрдү төгүндөп, ага эч кандай экономикалык, финансылык негиз жок экендигин билдирди. Жыл башынан бери сомдун долларга катышы 23,1% арзандаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG